Бишкектеги мектептер жана ЖОЖдор убактылуу онлайн-окутууга өттү
- 24.11.2025
- 0
ЖККУ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына байланыштуу борбор калаадагы билим берүү мекемелеринде окуу процессине убактылуу өзгөртүүлөр киргизилди. Расмий иш-чаралардын өткөрүлүшү, алдыдагы шайлоолор жана билим берүү мекемелеринде санитардык даярдыкты камсыздоо зарылдыгы эске алынып, Бишкектеги бардык мектептер
25-ноябрдан 1-декабрга чейин онлайн-окутууга өткөрүлдү.
Бул мезгилде сабактар мектептердин бекитилген окуу пландары менен графиктерине ылайык онлайн форматта уюштурулат. Билим берүү башкармалыгынын маалыматына караганда, окуучулардын окуу программаларынан артта калышы күтүлбөйт.
2-декабрдан баштап мектептерде окутуу кадимки режимде улантылат.
Мындан тышкары, борбор калаадагы жогорку окуу жайлар да 25-ноябрдан 27-ноябрга чейин онлайн режимине өткөрүлдү.
(БК)
Комментарийлер