Бишкектеги мектепте окуучу урган мугалим ооруканага түштү

  • 19.02.2026
  • 0

Мугалимин окуучу урган кейиштүү окуя Бишкектеги №83 жалпы билим берүү мектебинде 16-февралда болду.

Биринчи май райондук билим берүү башкармалыгынын маалыматына караганда, онунчу класста аскерге чейинки даярдык сабагы болуп жатканда окуучу өзүнүн мугалимин эки жолу бетке муштап жиберген. Мугалим кулап түшүп, эс учун жоготкон.

Окуучулар дароо мектеп администрациясына кабар беришкен. Мектептин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштеген инспектору окуя болгон жерге барып, дароо тез жардам чакыртылган. Ага чейин мугалимге мектептен биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Окуучунун ата-энеси мектепке чакыртылып, окуучунун өзү милицияга жеткирилген. Окуяга күбө окуучулардан түшүнүк каттар алынган. Азыркы учурда милиция окуянын чоо-жайын териштирүүдө.

Жабыркаган мугалим учурда төртүнчү шаардык ооруканада дарыланууда.

Кыргызстанда мугалимдерге кол салгандарга жазалоо чаралары 2025-жылы күчөтүлгөн болчу.

Мугалимдин кесиптик ишмердиги учурунда ден соолугуна жеңил залака келтирип кол салгандар үчүн 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып пул же үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Ал эми мугалимди басмырлап же сөгүп саккан жосун үчүн беш миңден он миң сомго чейин айып пул салынат.

Жакында эле мугалимди кемсинткен адамдарга айып пулду көбөйтүү жөнүндө Агартуу министрлигинин сунушу коомдук талкууга чыккан эле.

К.А. «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер