БИШКЕКТЕГИ КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА МЕНЕДЖМЕНТ КОЛЛЕДЖИ

  • 11.05.2024
  • 0

БИШКЕКТЕГИ КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА МЕНЕДЖМЕНТ КОЛЛЕДЖИ

Э.А.Чалова,
Бишкектеги курулуш, архитектура жана менеджмент колледжинин директору

Бишкектеги курулуш, архитектура жана менеджмент колледжи – Кыргызстандагы жигердүү өнүгүп, өркүндөп, бүтүрүүчүлөрүнө ар кандай адистиктер боюнча терең билим жана мыкты кесиптик даярдыкты камсыз кылган заманбап окуу жай.

Биздин колледжде миңден ашык студент билим алат. Окутууга заманбап мамиле кылуу менен иш берүүчүлөрдүн муктаждыктарын эске алып, дуалдык негизде окуу процессин жүргүзөбүз. Сапаттуу билим алууну жогорку квалификациялуу, таланттуу, өз ишин билген мыкты, өз эмгегин баалаган, кызыккан жана чыгармачыл мугалимдер, жакшы материалдык-техникалык база камсыз кылат. Биздин бүтүрүүчүлөр да колледжди аяктагандан кийин Кыргызстандын гана эмес, Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларында окуусун улантууга мүмкүнчүлүк алышат.

2018-жылдын январь айынан бери БКАМК Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган Билим берүү жана илим министрлигинин үчүнчү ”Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунда пилоттук окуу жай катары катышып, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана заманбап эмгек рыногунун талаптарына жооп берген адистерди бүтүрө турган Алдыңкы тажрыйба борборуна айланды.

Колледж студенттердин чыгармачылык, спорттук жана коомдук иштерде өзүн көрсөтүү үчүн зарыл болгон бардык нерселер менен камсыздалган. Ар кандай кружоктор, секциялар бар.

БИШКЕКТЕГИ КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА МЕНЕДЖМЕНТ КОЛЛЕДЖИ

2024-2025-ОКУУ ЖЫЛЫНА КАБЫЛ АЛУУ ЭРЕЖЕСИ

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин Бишкектеги курулуш, архитектура жана менеджмент колледжи бюджеттик жана контракттык негизинде кабыл алуу жүргүзөт.

Күндүзгү/сырттан окуу бөлүмдөрүнө абитуриенттерди кабыл алуу жана документтерди тариздөө https://2020.edu.gov.kg/spuz/ автоматташтырылган маалыматтык тутумун колдонуу менен интернет булагы аркылуу ишке ашырылат.

БКАМКка кирүү үчүн сынакка катышуу үчүн абитуриент https://2020.edu.gov.kg/spuz/ веб-сайтына төмөнкү документтерди электрондук түрдө тиркөө менен арыз бериши керек:

Билими тууралуу документ (орто билими жөнүндө аттестат, негизги билим жөнүндө күбөлүк);

Паспорт же туулгандыгы жөнүндө күбөлүк.

Кабыл алууда өзгөчө укуктарды же жеңилдиктерди ырастоочу документтер (жетим статусу, майыптыгы ж.б.);

Катталууда документтердин номери жана тапшыра турган адистигиңиз камтылышы керек.

БИШКЕКТЕГИ КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА МЕНЕДЖМЕНТ КОЛЛЕДЖИ

Күндүзгү окууга бюджеттик жана контракттык негизинде кабыл алуу 2024-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейин орус же кыргыз тилинде төмөнкү адистиктер боюнча жүргүзүлөт:

КодуАдистиктин аталышыОкуу мезгилиКвалификация
9-кл11-кл
270103Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо2 жыл 10 ай1 жыл 10 айТехник
270301Архитектура3 жыл 6 ай2 жыл 6 айТехник
270110Ички санитардык-техникалык жана желдетүү түзүлүштөрүн монтаждоо жана эксплуатациялоо2 жыл 10 ай1жыл 10 айТехник
250403Жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмеректер дизайны жана конструкциялоо2 жыл 10 ай1 жыл 10 айТехник-технолог
270401Нарктык инжиниринг2 жыл 10 ай1 жыл 10 айТехник-сметачы
070602Дизайн (тармактар боюнча)2 жыл 10 ай1 жыл 10 айДизайнер
140212Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча)2 жыл 10 ай1 жыл 10 айТехник-электрик
230109Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо2 жыл 10 ай1 жыл 10 айТехник-программист
080114Жер-мүлктүк мамиле2 жыл 10 ай1 жыл 10 айЖер-мүлктүк мамиленин адиси

БИШКЕКТЕГИ КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА МЕНЕДЖМЕНТ КОЛЛЕДЖИ

Сырттан окуу бөлүмүнө контракттык негизинде кабыл алуу 2024-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейин орус же кыргыз тилинде төмөнкү адистиктер боюнча жүргүзүлөт:

КодуАдистиктин аталышыОкуу мезгилиКвалификация
270103Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо2 жыл 6 айТехник
270401Нарктык инжиниринг2 жыл 6 айТехник-сметачы
270110Ички санитардык-техникалык жана желдетүү түзүлүштөрүн монтаждоо жана эксплуатациялоо2 жыл 6 айТехник

Лицензиянын жарактуулук мөөнөтү: чексиз.

Бөлүшүү

Комментарийлер