БИШКЕКТЕГИ ХОККЕЙ БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА ТАИЛАНД ЛИДЕР БОЛУУДА
- 14.03.2024
- 0
10-марттан бери Бишкектеги “Бишкек Арена” шаардык муз тебүү айдыңында шайба менен ойнолуучу хоккей боюнча үчүнчү дивизиондун “А” тайпасынын дүйнө чемпионатынын таймашуулары курч мүнөздө өтүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын хоккей федерациясынын президенти, Улуттук олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти Анвар Оморканов маалымдады.
Мелдештерге Швеция өлкөсүнүн хоккей федерациясынын төрагасы Андерс Ларссон үчүнчү дивизиондун “А” тайпасынын дүйнө чемпионатынын координатору катары байкоо салып турат. Ошондой эле Эл аралык хоккей федерациясынын вице-президенти Айваз Оморканов баштаган адистери да катышууда.
Биринчилик үчүн алты өлкөнүн — Кыргызстан, Мексика, Түштүк Африка Республикасы, Люксембург, Түркмөнстан жана Таиланддын командалары күч сынашып жатат. Беттешүүлөр 16-мартта жыйынтыкталат.
Эгерде ата мекендик курама команда утуп чыкса, хоккей боюнча экинчи дивизиондун “Б” тайпасына өтүүгө мүмкүнчүлүк алат.
10-март күнкү беттешүүлөрдө Түштүк Африканын оюнчулары мексикалыктарды 6:3 эсебинде утуп алды. Андан соң Түркмөнстан менен Люксембург ойноп, беттешүү 4:3 эсебинде люксембургдуктардын пайдасына чечилди.
Алгачкы күнү Кыргызстан — Таиланд командалары беттешип, 9:4 эсебинде таиланддыктар жеңишке жетип, чеберчилигин көрсөтө алышкан. Кыргызстандык күйөрмандардын шаабайы сууп калганы менен кийинки оюндардан үмүт кылып турушат.
11-мартта Кыргызстандын тандалма командасы Люксембург командасы менен мөрөй талашып, 7:3 эсебинде утуп, 3 упайга ээ болду. Бул күнкү беттешүүлөрдө Таиланд командасы Мексика өлкөсүнүн комадасын 5:0 эсебинде жеңип, 6 упай топтоого жетишип, лидерликти колго алды. Түркмөнстан командасы Түштүк Африка Республикасынын командасын 4:3 эсебинде жеңип, 3 упай алды.
13-март күнү Люксембург командасы Мексиканын оюнчуларын 5:4 эсебинде утуп алды. Ошондой эле лидер болуп жаткан Таиланд командасы Түштүк Африка Республикасынын командасын 5:0 эсебинде жеңип, үч беттешүүнүн жыйынтыгында 9 упай менен топ башында келатат. Бишкек убактысы боюнча 20:30да Кыргызстан менен Түркмөнстан командаларынын беттешүүлөрү башталып, биринчи таймдын ортосунда “Бишкек Арена” шаардык муз тебүү айдыңында электр жарыгы өчүп калып, оюнда аргасыз тыныгуу болду. Мындайды көрбөгөн чет өлкөлүк хоккейчилер үчүн таңдалыштуу окуя болду. 15 мүнөттөн кийин электр жарыгы күйүп, беттешүүлөр улантылды. Үч таймдын жыйынтыгында 7:5 эсебинде кыргызстандык хоккейчилер Түркмөнстан командасын жеңип алды. Мында кыргызстандык Максим Егоров менен түркмөнстандык Мамед Сейфулов айырмаланып, чеберчилигин көрсөтө алышты.
14-мартта Кыргызстан — Мексика командаларынын ортосундагы беттешүү бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө болот.
Ал эми 16-мартта Кыргызстан — Түштүк Африка Республикасынын командасы менен мөрөй талашат.
Оюндар «Бишкек Арена» шаардык муз аянтчасында өткөрүлүп жатат. Дареги: Виноградная көчөсү 1/3.
Мелдеште жеңип чыккан команда дүйнө чемпионатынын экинчи дивизионуна (Б тобу) жолдомо алат.
Кабыл Макешов, “Кут Билим”
Комментарийлер