Бишкектеги атайын мектеп-интернатка Брайл машинкалары тапшырылды

  • 22.01.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында жайгашкан көрүүсү начар жана азиз балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатына Брайл системасы боюнча жазууга арналган Perkins Brailler Classic үлгүсүндөгү 10 машинканы тапшырды.

Бишкектеги атайын мектеп-интернатка Брайл машинкалары тапшырылды

Белгилей кетсек, өткөн жылдын сентябрь айында МинКаб Төрагасы аталган мектеп-интернатка болгон иш сапарынын жүрүшүндө Брайл системасы боюнча окутууну толук кандуу уюштуруу үчүн атайын машинкаларга муктаждык бар экени айтылган.

Бул муктаждыкты чечүү максатында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Резервдик фондунан тиешелүү жабдуулардын 20 даанасын сатып алууга 3 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Анын ичинен 10 машинка Бишкек шаарындагы бул мектеп-интернатка, ал эми калган 10 машинка Ош шаарындагы көрүүсү начар жана азиз балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатына берилет.

Perkins Brailler Classic машинкалары окуу процессинде маанилүү жана натыйжалуу курал болуп саналат. Алар Брайл арибинде жазууну системалуу жана практикага багытталган түрдө окутууга шарт түзүп, окуучулардын өз алдынча иштөө көндүмдөрүн, майда моторикасын жана көңүл топтоо жөндөмдөрүн өнүктүрөт. Ошондой эле мугалимдердин окуу процессин уюштуруусуна көмөктөшүп, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө мекеменин ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар актуалдуу маселелер да талкууланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер