БИШКЕКТЕГИ № 35 МЕКТЕП GOOGLE ПИЛОТТУК ДОЛБООРУ ҮЧҮН 100 ХРОМБУК АЛАТ

  • 15.01.2025
  • 0

Бишкек шаарындагы № 35 орто мектебине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ишке ашырылып жаткан Google пилоттук долбоорунун алкагында 100 хромбук тапшырылат.

Эске сала кетсек, министрлик 2024-жылы жазында Google компаниясы менен кызматташуу жөнүндө келишим түзгөн, анын алкагында Кыргызстанда Google мектептерин ишке киргизүү пландаштырылган.

№ 35 орто мектеп бардык зарыл жабдуулар менен камтылган алгачкы Google мектеби болуп тандалып алынган.

Пилоттук долбоордун негизги максаты – Google санариптик билим берүү өнүмдөрүнүн билим берүүнүн сапатына тийгизген таасирин изилдөө.

“Мектеп окуучулары жана мугалимдери хромбуктарды жана Google билим берүү өнүмдөрүн натыйжалуу пайдалануу үчүн зарыл болгон окуудан өтүштү. Окуучулардын жетишкендигин жогорулатууну жана мектеп процесстерин санариптештирүүнү кошо алганда, пилоттун натыйжалары ийгиликтүү болгон учурда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги демилгени өлкөнүн башка мектептерине жайылтуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү пландаштырат”, – деди Google Кыргызстандагы долбоорунун координатору, долбоордун келечеги тууралуу кеп кылып жатып.

Бөлүшүү

Комментарийлер