БИШКЕКТЕГИ №135 БАЛА БАКЧАНЫН ДИРЕКТОРУ АЛМАШТЫ
- 14.09.2020
- 0
Бишкек шаарындагы №135 бала бакчанын директору Ниязова Элмира ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна Сеитова Гүлмира дайындалды. Бул тууралуу «Кут Билим» гезитине аталган бала бакчанын кызматкери Ёжикова Елена билдирди.
«Ал кысым көрсөтүүлөрдөн улам кетти. Жамаат анын кетишине каршы, ошондуктан мэрияга кайрылуу жасадык», — деп билдирди Ёжикова.
Бакчадан белгилешкендей, кызматтан кеткен Ниязова бул кызматта 20 жылдай эмгектенген. Ал 7-сентябрда жумуштан кетүү тууралуу арыз жазган.
Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы Ниязова жумуштан өз каалоосу менен кеткенин тастыктады. Ал аталган бала бакчанын директору болуп 2001-жылы дайындалган.
Бөлүшүү
Комментарийлер