Бишкекте жаңы мектептин пайдубалын куюу иштери башталды

  • 25.03.2026
  • 0

25-мартта Бишкек шаарында жаңы мектеп имаратынын пайдубалын куюу боюнча монолиттик иштердин башталышына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Бишкекте жаңы мектептин пайдубалын куюу иштери башталды

 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев

Бишкекте жаңы мектептин пайдубалын куюу иштери башталды

жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Вакунов катышты.

Эдил Байсалов жаңы мектептер өлкөдөгү билим берүү инфраструктурасын чыңдоодо маанилүү роль ойной турганын белгилеп, мындай долбоорлор миңдеген кыргызстандык үй-бүлөлөр күткөн маанилүү билим берүү борборлоруна айланарын айтты. Анын айтымында, жаңы билим берүү мекемелери заманбап билим берүү ыкмаларын жана технологияларын колдонууга шарт түзөт.

Иш-чаранын алкагында арматуралык каркаска эстелик белги салынып, андан соң негизги конструкцияларга алгачкы бетон куюу иштери башталды.

Бишкекте жаңы мектептин пайдубалын куюу иштери башталды

Белгилей кетсек, аталган мектеп Бишкек шаарында Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы жалпы билим берүү уюмдарын биргелешип түзүү тууралуу макулдашуунун алкагында курулууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер