БИШКЕКТЕ ЖАҢЫ ДАГЫ 20 МЕКТЕП
- 04.02.2026
- 0
Курулуш министрлиги Бишкек шаарында 20 мектептин курулушун баштады.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттердин жетекчилери менен биргеликте Бишкек шаарында курула турган 20 социалдык объектилердин долбоорлору жана курулуш аянттары менен таанышып чыкты.
Маалыматтар боюнча Октябрь районундагы Көк-Жар конушунда жайгашкан №88 орто мектепке кошумча 500 орундуу окуу корпусу, 8-кичи районундагы №64 мектепке кошумча окуу корпусу, Өскөн-Ордо конушуна 750 орундуу жаңы мектеп, Кара-Жыгачтагы №91 мектепке кошумча корпус, Көк-Жар айылына жаңы мектеп курулат.
Ленин району боюнча айтсак, №42 мектепке кошумча корпус, Кашка-Баш айылына жаңы мектеп, Ак-Ордо конушуна 750 орундуу жаңы мектеп, №55 мектепке 1200 орунду кошумча корпус, Жал кичи районундагы №72 мектепке кошумча корпус, Арча-Бешик конушундагы №79 мектепке кошумча корпус жана Түштүк пландоо зонасынын Токомбаев көчөсүндөгү 15/8а дарегине жаңы мектеп курулат. Ал эми Биринчи май району боюнча Калыс-Ордо конушундагы №86 мектепке өзүнчө кошумча корпус, Дача-Суу конушуна жаңы мектеп, Васильев көчөсүндөгү № 169 дарегине жаңы мектеп, Достук айылына 750 орундуу жаңы мектеп, Кудайберген кичи районунда 1200 орундуу жаңы мектептин курулушу пландалды.
Ошондой эле Дордой конушундагы №94 мектепке кошумча корпус, №32 жана №46 мектепке кошумча корпус курулмакчы.
Жогоруда белгиленген социалдык объектилер республикалык бюджеттен каржыланууда.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер