БИШКЕКТЕ “УҢГУЖОЛ: МАДАНИЙ-РУХАНИЙ ЖАҢЫЛАНУУГА БАГЫТТАЛГАН УЛУТТУК ФОРУМ ӨТӨТ”

  • 26.03.2026
  • 0

2-апрелде Бишкек шаарында “Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу” аттуу чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын улуттук форуму өтөт. Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы имаратында өткөрүлөт.

БИШКЕКТЕ “УҢГУЖОЛ: МАДАНИЙ-РУХАНИЙ ЖАҢЫЛАНУУГА БАГЫТТАЛГАН УЛУТТУК ФОРУМ ӨТӨТ”

Форум Арслан Койчиев жетекчилиги алдында уюштурулуп, ага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, чыгармачыл союздар, илимий коомчулук, ошондой эле маданият, искусство жана билим берүү тармактарынын өкүлдөрү катышат.

Маалыматка ылайык, форумга өлкөнүн жети облусунан, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан 800гө жакын өкүл келери күтүлүүдө.

Форумдун алкагында маданият менен илимдин улуттук өнүгүүдөгү орду, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын коомдогу миссиясы, маданий-руханий жаңылануунун негизги багыттары, ошондой эле чыгармачыл союздарды өнүктүрүүнүн мамлекеттик механизмдери талкууланат.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар өз сунуштарын берип, маданият менен илимди өнүктүрүүгө багытталган жаңы демилгелерди көтөрүшөт. Форумдун жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, мындан аркы иш-чаралар планы иштелип чыгары күтүлүүдө.

Бөлүшүү

Комментарийлер