БИШКЕКТЕ РОССИЯЛЫК МУГАЛИМДЕР СЕМИНАР ӨТТҮ

  • 17.12.2024
  • 0

Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунда “Өнүгүү диалогу балдардын мейкиндигинин элементи катары” деген темада эки күндүк эл аралык семинар өттү.

Ал Москва шаарынын Эл аралык мектепке чейинки билим берүү педагогикалык академиясынын тренерлери — Т.В.Селецкая жана Е.Е.Дорофеева тарабынан Россотрудничествонун Кыргыз Республикасынын Өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен «Жакшы иштерге убакыт» долбоорунун алкагында уюштурулду.

БИШКЕКТЕ РОССИЯЛЫК МУГАЛИМДЕР СЕМИНАР ӨТТҮ

Ачылышына Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси А.Ф. Зульхарнеев, Россотрудничествонун өкүлчүлүгүнүн билим берүү программаларынын куратору И.Г. Царева катышты.
Студенттерге, мугалимдерге, бала бакчалардын директорлоруна жана тарбиячыларына “Өнүгүү диалогу” технологиясы көрсөтүлдү.

Россотрудничество өкүлчүлүгүнүн билим берүү программалары жана орус тилин жайылтуу боюнча куратору Ирина Царева мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мугалимдери жана студенттери үчүн биринчи жолу иш-чара өткөрүлгөндүгүн белгиледи. Буга чейин Кыргызстандын бардык аймактарында предметтик мугалимдер үчүн курстар өткөрүлгөн.

«Кыргызстандын мугалимдери менен өз билимдерин жана тажрыйбаларын бөлүшүү үчүн Россия Федерациясынын Эл аралык мектепке чейинки билим берүү педагогикалык  академиясынын эки мугалими келди. Курстардын аягында катышуучулар Кыргызстанда биринчилерден болуп орус үлгүсүндөгү сертификаттарды алышат», — деп  белгиледи И.Царева.

Бөлүшүү

Комментарийлер