ОКУУЧУЛАР «ОРУС ЭЛДИК ЫРЛАРЫ» СЫНАГЫНА КАТЫШТЫ
- 16.12.2024
- 0
Бишкекте окуучулар арасында «Орус элдик ырлары» аттуу сынак өткөнүн «Евразия» бейөкмөт уюмунан билдиришти.
Бул иш-чара Билим берүү жана илим министрлигинин өнөктөштүгү менен өткөрүлдү.
Конкурстун максаты окуучулардын музыкалык талантын өнүктүрүү, ошондой эле орус маданий мурасын жана музыкалык өнөрүн Кыргызстанда жайылтуу болуп саналды. Орус элдик ырлар жарыш сынагына Кыргызстан боюнча окуучулардан 130дан ашык өтүнмө келип түшкөн.
Таланты, өнөрү менен айырмаланга окуучулар иргелип, сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталды.
Гран-при сыйлыгын Бишкек шаарындагы, №64 орто мектебинин окуучусу Розалия Аманбаева жеңип алды.
Нарын шаарындагы Чкалов атындагы орто мектептин окуучусу Айдана Нурдиновага биринчи орун ыйгарылды.
Жалал-Абад облусунун №1 мектебинин окуучусу Жанузак Толкунбеков байгелүү экинчи орунду ээледи.
Үчүнчү орунду Нарын облусунун Ат-Башы районундагы А. Керимбаев атындагы мектептин окуучусу Карина Турсунбаева жеңип алды.
Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү деген атайын сыйлыкка Бишкек шаарынын №24 гимназия-мектебинин окуучусу Андрей Косаков ээ болду.
Өзгөчө сүйкүмдүүлүгү үчүн деген сыйлык Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Т. Чолушев атындагы орто мектебинин окуучусу Жасмин Жумадилдеевага ыйгарылды.
Окуучулардын талантын курамында Кыргыз эл артисттери жана эмгек сиңирген маданият ишмерлери: Айчүрөк Иманалиева, Жамиля Муратова жана Турусбек Жумалиев кирген калыстар тобу баалаган.
Кабыл Макешов, “Кут Билим”
Комментарийлер