Бишкекте республикалык олимпиаданын экинчи этабы өтүүдө

  • 20.02.2025
  • 0

Бишкекте жалпы билим берүүчү предметтер боюнча мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын экинчи этабы өтүүдө. Бул тууралуу  Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкекте республикалык олимпиаданын экинчи этабы өтүүдө

Алсак, Биринчи май району боюнча олимпиадага  554 окуучу катышууда. Октябрь районундагы  20 мектептен 620 окуучу. Ал эми Свердлов району боюнча 303 жана Ленин районунда 975 окуучу катышууда.

Мындан тышкары, №65 экологиялык-экономикалык лицейинде химия, физика, математика, география, биология, англис тилин базалык жана тереңдетип окутуу боюнча мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы өтүүдө. Ага 377 окуучу катышууда.

Белгилей кетсек, 1-2-орунду ээлеген катышуучулар республикалык олимпиаданын 3-шаардык этабына райондун атынан катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Айдана МАМАТБЕРДИЕВА,

«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер