БИШКЕКТЕ МАМБЕТ МАМАКЕЕВДИ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮ

  • 02.10.2025
  • 0

1-октябрда Бишкекте кыргыз элинин чыгаан уулу — Кыргыз Республикасынын  Баатыры, Улуттук илимдер Академиясынын академиги, көрүнүктүү дарыгер жана окумуштуу Мамбет Мамакеевич Мамакеевдин жаркын элесине арналган эскерүү иш-чарасы өттү. Себеби, 1-октябрда медицина илимдеринин доктору, профессор  Мамбет Мамакеевичтин көзү тирүү болсо 99 жашка чыкмак. Замандаштары, кесиптештери, айылдаштары жана шакирттери маркумду эскеришти.

БИШКЕКТЕ МАМБЕТ МАМАКЕЕВДИ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮКөрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагулов замандашы Мамбет Мамакеевдин  өмүр жолу сыноолорго жана кыйынчылыктарга жык толгонун, ал согуш мезгилиндеги балалыктын жана согуштан кийинки жокчулуктун катаал жылдарын башынан өткөргөнүн, ата мекендик медицинага жана мамлекетке сиңирген эмгеги баа жеткис экенин, Улуттук хирургия борборун жана Кыргызстандагы медицинанын флагманы болгон илимий хирургиялык мектепти түзгөнүн баса белгиледи.

БИШКЕКТЕ МАМБЕТ МАМАКЕЕВДИ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮКоомдук ишмер, Министрлер Кабинетинин мурдакы төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз мамлекетти үчүн Мамакеевдин Кыргызстандын медицинасынын өнүгүшүнө кошкон зор салымын белгилеп, 100 миңден ашык бейтаптын өмүрүн сактап, 30 миңге жакын операция жасагандыктан анын жетишкендиктерин өзгөчө жана баалоого татыктуу экенин айтып, 1-октябрды өлкөдөгү хирургдардын күнү катары белгилөө демилгесин өкмөткө сунуштаганын, академиктин идеялары жана эмгектери шакирттеринин иштеринде жашай берерин айтты.

БИШКЕКТЕ МАМБЕТ МАМАКЕЕВДИ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮ-Мамбет агайдын жөнөкөйлүгү, карапайымдыгы жана мактанчаак эместиги адамдарды өзүнө тартып турчу.  Мамбет Мамакеевичтин ачык-айрым, эч нерседен коркпогон, түз сүйлөгөн адам экенин анын медик кесиптештери баарынан жакшы билишет. Жогорку Кеңеште бирге депутат болуп турган учурда дагы өкмөт жетекчилеринин кемчиликтерди бетке айтып, маселени кабыргасынан койчу, -деди Акылбек Жапаров.

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын ректору, профессор Индира Кудайбергенова академик Мамбет Мамакевдин профессионалдык карьерасы 70 жылдан ашык убакытка созулуп, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын госпиталдык хирургия кафедрасында ассистент жана доценттен профессор жана кафедра башчысына чейинки өсүштү камтып, миңдеген студенттерге практикалык сабак берип, операция кылууда көптөгөн инновациялык дарылоо ыкмаларын үйрөткөнүн айтып, КМШ өлкөлөрүндө лапароскопиялык хирургиянын пионери болуп калганын, анын эмгегинин негизинде татаал хирургиялык операцияларда өлүмдү бир топ кыскартууга мүмкүндүк бергенин жана ал Кыргызстанда заманбап хирургиянын пайдубалын түптөгөнүн баса белгиледи.

БИШКЕКТЕ МАМБЕТ МАМАКЕЕВДИ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮ-Академик Мамбет Мамакеевичтин олуттуу жетишкендиктеринин негизгиси илимий-изилдөөчүлүк мамилени, илимий-билим берүү багытын жана улуттук медицина салттарын айкалыштырып, Кыргызстандагы медицинанын флагманы болгон илимий хирургиялык мектепти түзгөнү менен баалуу. Жаңы корпус курулса биздин окуу жайга дагы окуу борбору болуп калат эле , -деди Индира Кудайбергенова.

Кыргыз Республикасынын  Баатыры, академик, медицина илимдеринин доктору Миталип Мамытов кесиптеши Мамбет Мамакеевичтин адамдык бийик сапаттарын, дарыгерлик касиеттерин,  чыгаан кесипкөйлүгүн,  болоттой курчтугун, эч нерседен коркпогон тайманбастыгын, бектен хандан тартынбаган баатырлыгын, медицинага кошкон салымдарын, 2020-жылы дүйнөдө өз кесиби менен эң узак иштеген адис катары рекорд коюп, Гиннестин рекорддор китебинин дипломун алганына чейин чечендик менен таамай көркөм сүрөттөп, адабий салыштыруулар менен портретин, бейнесин ачып берди.

БИШКЕКТЕ МАМБЕТ МАМАКЕЕВДИ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮ

Улуттук хирургия борборунун директору, КР Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, медицина илимдеринин доктору Канат Мамбетович Мамакеев атасын эскерүүгө келген замандаштарына, кесиптештерине жана шакирттерине ыраазычылык билдирип, даңазалуу хирург атасынын көзү тирүүсүндө россиялык скульптор колунун үлгүлөрүн алып, коло менен куюп жасаган үлгүсү музейине коюлуп жатканын айтты.

БИШКЕКТЕ МАМБЕТ МАМАКЕЕВДИ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮ

Эскерүү иш-чарасы профессор Мамбет Мамакеевичтин музейинде уланып, коомдук ишмерлер, кесиптештери эскеришти.

БИШКЕКТЕ МАМБЕТ МАМАКЕЕВДИ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮМамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл областындагы Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында карапайым үй-бүлөдө туулган. 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүткөн. Эмгек жолун 1952-жылы шашылыш хирургия клиникасында ординатор дарыгер болуп баштап, андан кийин клиникалык ординатураны аяктаган. Ал жерде ординатордон баштап кафедранын профессоруна чейинки бардык тепкичтерди басып өткөн.

БИШКЕКТЕ МАМБЕТ МАМАКЕЕВДИ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮМамбет Мамакеевич таланттуу окумуштуу, клиник жана жогорку кесипкөй хирург катары кыргыз медицинасынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Кыргызстанда биринчилерден болуп өт өтүүчү жасалма жолдорду түзүү ыкмасын өздөштүргөн. М.Мамакеев жасаган миңдеген операциялар адамдардын өмүрүн сактоо менен бирге ага мыкты адис, республикадагы эң мыкты хирургдардын бири деген атак-даңкты алып келген. Ал – 260тан ашык илимий эмгектин, алардын ичинде 13 монографиянын автору.

1970-жылы докторлук диссертациясын коргогон. 1972-1974-жылдары Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору болуп эмгектенген.

БИШКЕКТЕ МАМБЕТ МАМАКЕЕВДИ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮ1974-2003-жылдары И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын госпиталдык хирургия кафедрасынын башчысы болуп иштеген. Ушул учурдан тартып Мамбет Мамакеевичтин гана эмес, жалпы эле Кыргызстандагы шашылыш хирургиянын өнүгүшүндө жаңы этап башталган. Атап айтканда, Кыргызстанда жалпы жана шашылыш хирургдардын мектеби калыптана баштаган. Бул мезгилде анын мыкты окумуштуулук жана хирургдук, уюштуруучулук жана педагогдук таланты ачык-айкын көрүнгөн. Анын жетекчилиги астында педагогикалык процессти бир кыйла жакшырткан бир катар прогрессивдүү реформалар ишке ашырылган, хирургия боюнча субординатурада жана интернатурада жүздөгөн дарыгерлер даярдалган.

Мамбет Мамакевич түптөгөн хирургиялык мектеби гепатопанкреатобилиардык, гастроэнтерологиялык, эндоскопиялык жана кечиктирилгис хирургияга адистештирилген жана республикадагы хирургиялык кызматтын структурасын, функциясын өркүндөтүүгө багытталган Улуттук хирургия борборун түзүүдө чечүүчү роль ойногон.

БИШКЕКТЕ МАМБЕТ МАМАКЕЕВДИ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮКөрүнүктүү адистерди даярдоо жана 14 илимий багытты камтуу менен Мамакеевдин мектеби хирургиялык билимди модернизациялоо жана хирургиялык кызматты өркүндөтүүнүн Улуттук программасын иштеп чыгуунун негизин түздү. Бул өлкөбүздө медициналык илимдин жана практиканын сапаттуу деӊгээлге чыгуусуна шарт түздү.

Профессордун жана госпиталдык хирургия кафедрасынын башчысынын ийгиликтери Кыргызстанда татыктуу бааланды. 1973-жылы Мамакеев Мамбет Мамакеевич Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген доктору, 1987-жылы «Кыргыз ССРинин илимине эмгек сиңирген ишмер» деген жогорку наамга ээ болгон. 1989-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөсү-академиги, 1995-жылы Казакстандын Медициналык илимдер академиясынын анык мүчөсү болуп шайланган. 1998-жылы Кыргыз Республикасынын илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мамлекеттик сыйлыгына арзыган. 1996-2014-жылдары Мамбет Мамакеев КР ССМнын Улуттук хирургия борборун жетектеген.

БИШКЕКТЕ МАМБЕТ МАМАКЕЕВДИ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮМамбет Мамакеевич Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы, I, II жана III даражадагы Манас ордендери, ошондой эле Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу жана СССР элдеринин достугу ордендери сыяктуу көптөгөн жогорку мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. Ал  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын жана И.К. Ахунбаев атындагы сыйлыктын лауреаты болгон. Анын жетишкендиктери Кыргызстанда гана эмес, эл аралык аренада да таанылган.  M. Mамакеев Бүткүл дүйнөлүк хирург-гастроэнтерологдорунун ассоциациясынын (Франция), Эл аралык хирургдар ассоциациясынын (Швейцария) жана Н.И. Пирогов атындагы Эл аралык хирургдар ассоциациясынын ардактуу мүчөсү болгон (Россия).

Мамбет Мамакеевдин жетекчилиги астында медицина илимдеринин 20 доктору жана 27 кандидаты даярдалган. Мамакеев  Кыргызстанда улуттук хирургиялык мектеп түзгөн жана анын шакирттери биздин республиканын бардык булуң-бурчтарында, Европада, АКШда, Израилде, Өзбекстанда, Казакстанда жана Россияда ийгиликтүү эмгектенип жатышат.

М.М.Мамакеев Кыргызстандагы ичеги-карын хирургдары мектебинин негиздөөчүсү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук хирургиялык борборунун – республикалык башкы илимий медициналык жана билим берүү комплексинин уюштуруучусу. Ал КМШ өлкөлөрүндө өттөгү таш ооруларынын лапароскопиялык хирургиясынын башатында туруп, 3000дей бейтапка ушул ыкма менен операция жасаган.

БИШКЕКТЕ МАМБЕТ МАМАКЕЕВДИ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮМамбет Мамакеевдин өмүр баяны – анын жеке гана өмүр баяны эмес, анын доорунун, замандаштарынын, илимий жана хирургиялык мектебинин өмүр баяны, ошондой эле Кыргызстандын эгемендүү мамлекет катары калыптанышынын өмүр баяны.

Анын согуш жылдарындагы балалыгы, согуштан кийинки билим алуунун өтө оор кыйынчылыктары жана улуттук кадрларды калыптандыруудагы ошол жылдардагы терс көз караштар анын дүйнө таанымын өзгөртүп, социалдык адилеттүүлүк үчүн күрөшүүчү, жалганчылык жана эки жүздүүлүк менен элдешпес мүнөзүн калыптандырды. Анын жашоодогу негизги иши, б.а., хирургия анын көп кырдуу ишмердүүлүгүндөгү «түбөлүктүү, парасаттуу жана акылдуу» иши болуп калды.

Мамбет аганын басып өткөн жолу – окумуштуулардын кийинки муундары үчүн жаркын үлгү, өлкөбүздүн жана Улуттук илимдер академиясынын тарыхынын жаркын барагы.

Анын жетекчилиги менен медицина илимдеринин 20 доктору жана 22 кандидаты даярдалып, өзү 260тан ашык илимий эмгектин жана 13 монографиянын автору болгон. Мамбет Мамакеевич коомдук ишке активдүү катышып, Кыргыз ССР Жогорку Советинин эки чакырылышынын депутаты жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки чакырылышынын депутаты болгон.

Анын кайраттуулугу, эмгекчилдиги, ишке берилгендиги кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат. Анын ысымы жана биздин өлкөнүн медицинасын жана коомдук турмушун өнүктүрүүгө кошкон салымы келечек муундардын эсинде сакталып кала берет.

БИШКЕКТЕ МАМБЕТ МАМАКЕЕВДИ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮ-XX кылымдын экинчи жарымынды кыргыздын саламаттык сактоо чөйрөсү бүткүл кыргыз журтунун улуттук иденттүүлүгүн, өңү-жүзүн, нарк-насилин даңазалай турган, баарыбыз “биз кыргызбыз” деп дүйнөгө көкүрөк керип мактана турган эки улуу дарыгерди берди. Алардын бири- Иса Коноевич Ахунбаев, экинчиси – Мамбет Мамакеев. Булар тап-такыр эки башка муундагы адамдар. Ахунбаев мединституттун ректору кезинде, Мамакеев 16 жашында бул окуу жайдын 1-курсуна кирген. Бирок, алардын өлкөгө сиңирген эмгегин, теңдешсиз устаттыгын жана таланттарын кыргыз эли тең салмактап, бирдей аздектейт, бирдей сыймыктанышат.

Башкасын айтпаганда да, Ахунбаевдин Борбордук Азияда биринчи жолу жүрөккө операция жасаганы, Мамакеевдин бүткүл Азия чөлкөмүндө биринчи жолу улуу хирург катары дүйнөлүк Гиннестин китебине кириши кайсы элди таң калдырбайт, суктандырбайт. Мамакеевдин маңдайына оңой-олтоң тагдыр туш болгон жок, бала кезинде көрбөгөндү көрдү, тозоктун тогуз айлампасына табыган турмушту башынан өткөрдү. 9-классты бүтө эле электе колхоздун кызыл кырманын башкарган десе, азыркы адамдар уккан кулагына ишенбейт. Ошентип, акем тагдырын ташка байлап аркандаган, тагдыры басмарласа арданбаган инсан, анын адамдык жашоосунун бир гана маани-маңызы-эмгек. Ал эмгектин кара нары. Ушундай сапаттары болбосо, ал холецистит оорусунун теориясы жана практикасы боюнча союздук аренадагы лидерледин бир боло алмак эмес, -деп эскерет мамлекеттик жана коомдук ишмер Жумагул Сааданбеков.

БИШКЕКТЕ МАМБЕТ МАМАКЕЕВДИ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮ«Эми адам түбөлүк жашай албайт экен да, ага да баш ийет экенсиң. Азыр эле зыңкыйып чуркап кеткиң келет, жоок, болбойт андай. Ошон үчүн карылык келип калды деп, мен ачык эле айтып жүрөм. Карылыктын чекитине мен жетип калдым. Мен өз милдетимди хирург катары 200% аткардым го дейм».

Медицина илимдеринин доктору, академик Мамбет Мамакеев көзү тирүүсүндө берген маектеринин биринде ушинтип айткан экен.

Ысымы жогорку кесипкөйлүктүн жана өз ишине берилгендиктин символуна айланган улуу кыргыз хирургу  былтыр 2024-жылдын 24-ноябрында  98 жаш курагында арабыздан кеткен эле.

Сөөгү Ата-Бейиттеги Баатылар аллеясына коюлган. Анын жаркын элеси жакындарынын жана досторунун, кесиптештеринин жана шакирттеринин эсинде жана жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Кабыл Макешов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер