БИШКЕКТЕ КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА УЛУТТУК ФОРУМ ӨТҮҮДӨ

  • 25.10.2024
  • 0

25-октябрда Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада “Келечекти ойлоо: Кыргыз Республикасынын Билим берүү системасында инклюзивдүү көп тилдүү чөйрөнү өнүктүрүү” деген темада өлкөдө көп тилдүү билим берүү боюнча улуттук форум өтүп жатат.  Мында 2025-2030-жылдарга Кыргызстанда көп тилдүү билим берүү программасын пландаштыруу боюнча ой-пикирлер, сунуштар талкууга алынууда.

БИШКЕКТЕ КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА УЛУТТУК ФОРУМ ӨТҮҮДӨФорумдун катышуучуларына ЕККУнун жогорку комиссарынын улуттук азчылыктар иштери боюнча кеңсесинин директору элчи Марек Щигель мырза видео кайрылуу жасап, Кыргызстандагы мектептерде балдарга энек тили менен бирге чет тилдерди окутуу жакшы жолго коюлуп, учур талабына ылайык билим берүүгө Билим берүү жана илим министрлиги аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

БИШКЕКТЕ КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА УЛУТТУК ФОРУМ ӨТҮҮДӨОшондой эле ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы элчи Алексей Рогов дагы форумдун катышуучуларына ийгиликтерди каалап, Кыргызстанда учурда көп тилдүү билим берүүгө басым жасалып жатканын, билим берүү системасында инклюзивдүү көп тилдүү чөйрөнү өнүктүрүү калыптандырууга аракеттер көрүлүп жатканын, заманбап коомдо көп тил билүүнүн пайдасын баса белгилеп, улуттук азчылыктардын тилдерине дагы көңүл буруунун зарылдыгын айтты.

БИШКЕКТЕ КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА УЛУТТУК ФОРУМ ӨТҮҮДӨЕККУнун улуттук  азчылыктар иштери боюнча жогорку комиссарынын улук саясый кеңешчиси Питер Надерер мырза дагы бул форумдун маанилүү экенин айтып,  иш-чарага өлкө аймагынан келген окутуучуларга, окумуштууларга, мугалимдерге жана тарбиячыларга ийгиликтерди каалап, Казакстан менен Кыргызстандын мектептеринде, балдар бакчаларында  көп тилдүү билим берүү боюнча тартылган видеобаянды көрүүгө чакырды.

БИШКЕКТЕ КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА УЛУТТУК ФОРУМ ӨТҮҮДӨ“Кыргызстанда көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүүнүн жетикендиктери, чакырыктары жана келечеги” деген темадагы талкуу башталды. Монголия өлкөсүнүн көп тилдүү билим берүү сапатын камсыздоого кошкон салымы жана тажрыйбасы боюнча Монголиянын билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Улуттук билим берүү илим изилдөө институтунун кызматкери Зулмира Жумай казак тилинде өз өлкөсүндөгү 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктары жана кемчиликтери тууралуу баяндама жасады.

БИШКЕКТЕ КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА УЛУТТУК ФОРУМ ӨТҮҮДӨФорум өз ишин улантып,  көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүү боюнча ой-пикирлер, сунуштар айтылып, талкуулар жүрүп жатат.

БИШКЕКТЕ КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА УЛУТТУК ФОРУМ ӨТҮҮДӨФорумдун жүрүшүнүн алып баруучусу  РПККЖКДИнин директору Алмазбек Токтомаметов болууда.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер