Бишкекте информатика мугалимдери үчүн эки күндүк форум өттү

  • 26.01.2026
  • 0

2026-жылдын 23–24-январында Бишкек шаарында «Санариптик көндүмдөр: өмүр бою билим алуу» аталышындагы форум өттү. Иш-чара мектептик билим берүүдө санариптик чечимдерди жана материалдарды практика жүзүндө колдонууга, ошондой эле мугалимдердин санариптик сабаттуулугун жогорулатууга арналды.

Бишкекте информатика мугалимдери үчүн эки күндүк форум өттү

Форумга өлкөнүн бардык аймактарынан 100дөн ашуун информатика мугалими, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, Дүйнөлүк банктын, Кыргыз билим берүү академиясынын, билим берүү мекемелеринин жана IT секторунун өкүлдөрү катышты.

Форумдун ачылышында Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева мугалимдердин санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү билим берүүнү санариптештирүүнүн негизги шарттарынын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө информатика предмети салттуу «китептик» ыкмадан интерактивдүү платформаларга өтүп, окуу мазмунун үзгүлтүксүз жаңылоого жана практикага жакындатууга шарт түзүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар окуу процессин башкарууда санариптик платформаларды колдонуу жана алардын мектептердеги практикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча тажрыйба алмашышты.

Бишкекте информатика мугалимдери үчүн эки күндүк форум өттү

Дүйнөлүк банктын билим берүү боюнча улук адиси Гүлмира Султанова жана улук экономисти Саурав Дев Батта «Санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү» долбоорунун жыйынтыктарын сунушташты. Долбоордун алкагында мугалимдердин жана окуучулардын санариптик компетенциялары бааланып, квалификацияны жогорулатууга багытталган иш-чаралар өткөрүлгөн.

Белгилей кетсек, пилоттук долбоор «Келечек үчүн билим берүү» программасына катышкан 1 200 мектептин ичинен 150 мектепти камтыган.

Мындан тышкары, форумда «Тунгуч» онлайн-мектебинин концепциясы, билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жана жаңы улуттук билим берүү платформалары тааныштырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер