Бишкекте госпиталдык мектептердин абалын жакшыртуу боюнча форум болуп өттү

  • 16.12.2024
  • 0

13-декабрь күнү, Бишкекте “Жардам берүү оңой” фондунун он жылдыгына карата  уюштурулган “Билим берүү жана камкордук: Кыргызстандагы госпиталдык педагогика” аталышындагы форум болуп өттү.

Бул Кыргызстандагы госпиталдык мектептердин абалын  ачык айтып чыккан алгачкы форум болуп калды.

Бишкекте госпиталдык мектептердин абалын жакшыртуу боюнча форум болуп өттү

Форумда узак убакыт бою дарыланууга муктаж балдардын  билим алуу сапатын жакшыртуудагы маселелер көтөрүлдү. Фонддун негиздөөчүсү Динара Аляева Кыргызстандагы госпиталдык мектептин жаралуу тарыхы, кыйынчылыктар, азыркы таптагы көйгөйлөр тууралуу айтып берди.

Өлкөдө госпиталдык оорукана алгачкы жолу 2018-жылы Бишкектеги Улуттук онкология жана гемотология борборунда ачылган.

“2018-жылы Москвадагы Дмитрий Рогачев атындагы Улуттук медициналык балдар онкология, гематология жана иммунология борборунун “УчимЗнаем” долбоору менен Кыргызстандагы Билим берүү жана илим министрлигинин ортосунда меморандум түзүлүп, алгачкы жолу биздин өлкөдө дагы госпиталдык мектеп ачылган. Мунун аркасы менен эле фонд өз күчү менен Оштогу балдар онкология ооруканасына дагы госпиталдык мектеп ача алды. Оштогу мугалимдерге айлык акыны фонд төлөп келет”, — деп кыскача токтолду фонддун негиздөөчүсү Динара Аляева.

Бишкекте госпиталдык мектептердин абалын жакшыртуу боюнча форум болуп өттү

Азыркы тапта госпиталдык мектепке мамлекет тараптан  расмий статус бериле элек жана укуктук-нормативдик актылар иштелип чыга элек. Оштогу госпиталдык оорукананын мугалимдерине мамлекет тараптан айлык акы каралган эмес ошондой эле балдардын окуу куралдары дагы фонд жана ыктыярчылар, демөөрчүлөр тарабынан камсыздалып турат. Айрым учурда дарыгерлер тарабынан түшүнбөстүктөр пайда болуп, сабак өтүүгө толук кандуу мүмкүнчүлүк түзүлбөй калган учурлар дагы кездешет.

Орусия жана КМШ өлкөлөрүндө госпиталдык ооруканалардын негиздөөчүсү, “УчимЗнаем” долбоорунун ээси Сергей Шариков өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, көйгөйлөрдү чечүү жолдорун атап өттү.

“Мугалимдер бир гана предметтик сабак өтүү менен чектелбестен балдарга психолог дагы болуусу керек. Ошондой эле дарыгер менен мугалимдин ортосунда тыгыз кызматташтык — баланын өсүп-өнүгүүсүнө дагы түрткү болот. Биз сабактарга эми роботтехника, компьютердик программаларды дагы киргизип жатабыз. Силердин коңшу Өзбекстан өлкөсү жетинчи госпиталдык мектебин ачты. Алардын госпиталдык мектептердин шарттарын жакшыртты. Кыргызстандын балдарынын мындан эмнеси кем?”, — деген суроону койду Сергей Шариков.

Бишкекте госпиталдык мектептердин абалын жакшыртуу боюнча форум болуп өттү

Форумга катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Абакиров Кыргызстанда госпиталдык мектеп тууралуу буга чейин укпаганын айтып, мындан ары эл өкүлдүк милдетине ылайык, көйгөйлөрдү парламенттен көтөрүп турарын билдирди. Ошондой эле мугалимдерге жана фондго терең ыраазычылыгын билдирди.

Форумга госпиталдык мектептин мугалимдери, укук коргоочулар,  Билим берүү жана илим министрлигинин жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун онколог-дарыгери катышты.

Жыйынтыгында айтылган көйгөйлөрдүн үстүнөн иштөө боюнча резолюция кабыл алынды.

“Бул көйгөйлөрдү чечүү — мен үчүн же фонд үчүн эмес, балдар үчүн абдан керек.  Госпиталдык мектептин иши ордунан жыла башташ керек  жана санын  көбөйтүү керек. Госпиталдык мектепке расмий статус берилип,  укуктук нормативдик акт кабыл алынса, биз көздөгөн максаттарыбыздын бирине жеткен болобуз”, — деп сөзүн жыйынтыктады “Жардам берүү оңой” фондунун негиздөөчүсү Динара Аляева.

“Жардам берүү оңой” фонду он жылдан бери рак менен ооруган балдарга ар тараптуу жардам көрсөтүп келет. Фонддун негизги миссиясы — онкологиялык оорулар менен жабыркаган балдардын дарылануусуна жана реаблитациясына татыктуу шарт түзүү.

Бөлүшүү

Комментарийлер