БИШКЕКТЕ БИРИНЧИ КЛАССКА 1000 АШЫК БАЛА КАТТООДОН ӨТТҮ

  • 21.02.2019
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги билдирген маалыматка ылайык, азыркы учурда “Мектепке электрондук каттоо” системасында миңден ашык арыз катталды.

 

Ар бир саатта жыйырмадан кыркка чейин адам катталууда. mektep.edu.gov.kg сайтына сегиз миңден ашык адам кирди. Азыркы тапта ата-энелердин көбү балдарын  №26 мектепке катташканын адистер билдиришти. Жогоруда аталган сайтка смартфондон да, компьютерден да күн-түн кирип, катталса болот.

“Мектепке электрондук каттоо” долбоору – бул мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына мектеп курагындагы (6-7 жаш) балдарды автоматтык түрдө каттоону камсыз кылган маалыматтык система. Долбоор Бишкек шаарында ишке киргизилди.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер