БИШКЕКТЕ БАЛДАР ҮЧҮН ПРЕЗИДЕНТТИК БАЛАТЫ ӨТТҮ

  • 19.12.2025
  • 0

Бүгүн, 19-декабрда, Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында балдар үчүн салттуу Президенттик балаты майрамы өттү. КРнын президенти С.Жапаров иш сапары менен Япония өлкөсүндө болгондугуна байланыштуу, иш чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев катышты.
БИШКЕКТЕ БАЛДАР ҮЧҮН ПРЕЗИДЕНТТИК БАЛАТЫ ӨТТҮ
Майрамга өлкөнүн бардык аймактарынан 1100 бала чакырылды. Алардын катарында окуудагы мыктылар, республикалык жана эл аралык олимпиадалардын, сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгон укук коргоо органдарынын жана аскер кызматкерлеринин балдары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн өкүлдөрү, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар бар.

Майрамдык иш-чаранын алкагында балдардын бий топторунун тарбиялануучулары тарабынан даярдалган «Кесиптер шаары» аттуу театралдашкан музыкалык жаңы жылдык оюн-зоок тартууланды.

Салтанаттуу аземде сөз сүйлөгөн Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев балдарды жана алардын ата-энелерин куттуктап, өлкөнүн жаш муундары жетишип жаткан ийгиликтерге токтолду.
— Силердин араңардан 39 окуучу эл аралык олимпиадаларда алдыңкы орундарды ээлешти. Математика, информатика, физика, биология боюнча эл аралык жана европалык олимпиадаларда алтын, күмүш, коло медалдарга ээ болушту, — деп белгиледи ал.

Ошондой эле ал спорт тармагындагы жетишкендиктерди да баса белгилеп, Азия үчүнчү жаштар оюндарында, Эл аралык киберкоопсуздук олимпиадасында, «Кыргызстан бермети–2025» оюндарында, Эл аралык жаштар мелдештеринде жана Ташкент шаарында өткөн жаш спортчулардын таэквондо боюнча турниринде кыргызстандык балдар байгелүү орундарды ээлеп, мамлекеттик желекти бийик көтөргөнүн айтты.

-Силер өлкөбүздүн келечеги, үмүтү жана кубатысыңар. Ар бириңердин жүрөгүңөрдө ата-бабалардан калган шык-жөндөм жана улуттук бийик дем жашайт. Ар бир күнүңөр билимге, изденүүгө жана өнүгүүгө арналсын. Жаңы жыл силерге кубаныч, ишеним жана жарык үмүт алып келсин, — деди Арслан Койчиев.

Иш-чаранын соңунда Президент Садыр Жапаровдун атынан бардык балдарга жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер