БИШКЕК ШААРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНЕН 12 КЫЗМАТКЕР КӨЗ ЖУМДУ
- 23.07.2020
- 0
СOVID-19 жана пневмониядан улам Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринин он эки кызматкери каза болду. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынын сайтында айтылат.
Дүйнөдөн кайткандардын тизмеси:
- №78 мектептин директору Музаева Элнура Турдукуловна;
- №148 бала бакчанын директору Токтосунова Жамиля Ишенбековна;
- №55 мектептин директорунун орун басары Казаков Камбар;
- №61 мектеп-лицейдин башталгыч класстарынын мугалими Нефедова Ирина Юрьевна;
- №69 мектептин орус тилчи мугалими Мусаева Айнура Мусаевна;
- №64 мектептин физик мугалими Калдымолдоева Укен Жолдошевна;
- №9 мектептин биология жана химия мугалими Токтосунова Айзирек;
- №13 мектептин мамлекеттик тил мугалими Осмонгазиева Айдай Моңолдоровна;
- №118 бала бакчанын тарбиячысы Петрова Ирина Дмитриевна;
- №10 бала бакчанын кызматкери Тюлегенова Тынатин;
- №22 бала бакчанын кызматкери Ашырова Айзада Тентиевна;
- №164 бала бакчанын кароолчусу Карыбаев Атабек Мамашевич.
“Кут Билим” гезитинин жамааты жарык дүйнө менен кош айтышкан жогорудагы адамдардын жакындарына, үй-бүлөсүнө, кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жерлери жайлуу, топурагы торко болсун. Ар биринин элеси кесиптештеринин эсинде түбөлүк сакталат.
Бөлүшүү
Комментарийлер