Бишкек-Мюнхен: №5 кесиптик лицей менен Нойзес мектебинин кызматташтыгы
- 16.10.2025
- 0
Бишкектеги №5 кесиптик лицейинин директору Элеонора Ишекеева баш болгон делегация Германиянын Мюнхен шаарына иш сапар менен барды.

Алар Нойзес кесиптик мектебинин чакыруусу менен кызматташтыкты бекемдөө үчүн барышты. Бул кызматташтык Еrasmus+ программасынын алкагында ишке ашууда.
№5 лицей Германиянын Нойзес кесиптик мектеби менен кесиптик билим берүүдө жакшы кызматташып келатат.
Ушул жылы Бишкекте апрелде аталган лицейде Кыргызстан менен Германиянын кесиптик билим берүүдөгү кызматташтыгына арналган жыйын болуп өткөн эле.
Ошол учурда германиялык кесиптик мектептен делегация келип, кызматташтык боюнча биринчи келишим түзүлгөн болчу. (БК)
Бөлүшүү
Комментарийлер