Бишкек мэриясы кесиптик лицейлер менен кызматташууну бекемдейт«Талкуунун жүрүшүндө кызматташуунун бир нече приоритеттүү багыттары белгиленди. Биринчи кезекте мектеп окуучуларына кесип тандоодо багыт берүү маселелерине көңүл бурулду. Толук орто билим алууну пландабагандар үчүн келечектеги кесипти алдын ала чечип алуу, окутуу жана ишке орношуу үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр бар экенин түшүнүү маанилүү»,-деп айтылат мэриянын расмий сайтындагы билдирүүдө.Жыйында 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө байланыштуу кесиптик лицейлердин орду жана максат-милдеттерине да өзгөчө басым жасалды. Улуттук жаңы билим берүү моделине ылайык, жогорку класстагы окуучулары жалпы билим берүүчү предметтерди гана өздөштүрбөстөн, жумушчу кесиптерге дагы окуй турганы каралган.

Мэр менен жолугушууда ошондой эле эң көп суроо-талапка ээ болгон  кесип жана адистиктер боюнча муниципалдык тапшырыкты калыптандыруу жана түзүү маселелери каралды.

Студенттердин өндүрүштүк практикасын талаптагыдай уюштуруу жөнүндө да соз болду.  «Бишкек жарык», «Бишкек жашыл курулуш», «Бишкексууканал» жана башка ишканаларда стажировкадан өтүүнүн жолдору талкууланды.

Бишкек мэриясы кесиптик лицейлер менен кызматташууну бекемдейт

Расмий маалыматка караганда, чоңдор үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр жөнүндө сөз болду. Муниципалдык түзүмдүк бөлүктөрдө иштеген кызматкерлерге кошумча билим берүү жана аттестациялоо программаларын уюштуруу, ошондой эле жумушсуз жарандарды  окутуу мүмкүнчүлүктөрү да каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Айбек Джунушалиев шаардык бийликтин тийиштүү бөлүмдөрүнө жана кызмат адамдарына тапшырмаларды берди жана кесиптик лицейлер менен кызматташтыктын планын иштеп чыгууну тапшырды.

(Б.К)