БИРИГИП КӨТӨРГӨН ЖҮК ЖЕҢИЛ

  • 13.01.2022
  • 0

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген майыптуулугу бар адамдардын укугун коргоо максатында түзүлгөн “ДМЧА-ЛОВЗ» коомдук фондусунун алгачкы кеңешмеси болуп өттү.

Кеңешмеге КРнын  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин директору Актан Балбаков, КР ЭСКММ ДМЧА жана улгайган жарандарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы  Гульнура Мамбетисаева, майыптуулугу бар адамдар боюнча эксперт Кулира Кубатова, ЖЭКтин төрагасы Эмил Исеналиев, ЖЭКтин аппарат башчысы Айдар,Сейталиев CIZ Германиянын эл аралык өнүктүрүү уюмунун ,,Калкты жумуш менен камсыздоого көмөктөшүү жана кесиптик билимин өркүндөтүү» долбоорунун эксперти Расул Момуналиев, ”ТАШ ЧЕКИНГ» долбоорунун негиздөөчүсү Акжолтой Тукунов, Кемин райондук жаштар кеңешинин төрагасы Талгарбек Тентиев  жана жети облус координаторлору, ар кайсы райондун кураторлору катышты.

БИРИГИП КӨТӨРГӨН ЖҮК ЖЕҢИЛ

“Мындай жолугушуу майыптуулугу бар адамдар жана үй-бүлөсүндө майып балдары бар адамдар үчүн эң пайдалуу болду” — дейт, аталган коомдук фондунун төрагасы Алтынбек Кабаев. — Эң негизги максатыбыз — майыптуулугу бар адамдардын укугун коргоп, таламын талашуу жана чечүү жолдорун табуу. Ар бир облустан, райондон келген өкүлдөр өз жерлериндеги көйгөйлүү көрүнүштөрдү ортого салышты. Алар көтөргөн маселелер – МСЭК ишинин коррупцияга аралашып, майыптык топторду берүүнү татаалдаштырып жатышканы, реабилитациялык борборлордун ойдогудай иш алып бара албай жатышы, майып балдарды баккан персоналдык ассистенттердин маселелери, атайын окутулган соцпедагогдордун жоктугунан оорукчан балдар тиешелүү деңгээлде билим ала албай жатышы жана ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жеңилдетилген жол аркылуу турак-жай менен камсыздоо ж.б. Көйгөйлөр өтө көп, бирок биз ушундай жолугушуулардын натыйжасында аларды аныктап, маанилүүлүгүнө жараша чечүү жолдорун биргелешип издегенге аракеттенгенибиз – бул алгачкы ийгиликтүү кадам – дейт, Алтынбек Кабаев.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер