БИР МИЛЛИОН ДОЛЛАР МЕНЕН СЫЙЛАНГАН МУГАЛИМ

  • 09.02.2026
  • 0

Дубайда өткөн World Government Summit саммитинде индиялык мугалим Рубл Наги дүйнөдөгү эң абройлуу мугалимдер сыйлыгы — Global Teacher Prize — менен сыйланды. Сыйлыктын көлөмү 1 миллион АКШ доллары.

БИР МИЛЛИОН ДОЛЛАР МЕНЕН СЫЙЛАНГАН МУГАЛИМ

Global Teacher Prize — бул “мугалимдердин Нобель сыйлыгы” деп аталат. Ал дүйнө жүзүндө билим берүү тармагына чоң салым кошкон мыкты мугалимдерге берилет. Жыл сайын миңдеген талапкерлердин ичинен бир гана жеңүүчү тандалат.

Рубл Наги жакыр райондордогу балдар үчүн жеткиликтүү билим берүү системасын түзгөн. Ал көчөлөрдү мектепке айландырып, миңдеген балдардын билим алышына жол ачкан. Ал алган каражатты акысыз билим берүүчү институт ачууга жумшоону пландап жатат.

Бул окуя эмнени көрсөтөт?

Бир мугалим — миңдеген тагдыр.

Билим — жакырчылыктан чыгаруучу эң күчтүү курал.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер