Бир максат – Бир эл – Бир келечек!
- 11.11.2025
- 0
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер
Нурзида Касымованын шайлоо алдындагы программасы

Бир максат – Бир эл – Бир келечек!
Кыргызстандын өнүгүүсү элдин биримдиги, жоопкерчилиги жана иш менен далилденген аракет аркылуу камсыздалат.
Негизги максат – билим берүү, экономика жана социалдык тармактарда туруктуу өсүшкө жетишүү, ар бир жаран үчүн татыктуу жашоо шартын түзүү жана мамлекетке болгон ишенимди бекемдөө.
1. Билим берүү – келечектин негизи
— ар бир балага сапаттуу, жеткиликтүү билим;
— жеткиликтүү каржылоо;
— мугалимдердин статусун жана эмгек акысын жогорулатуу;
— 3 жаштан баштап мектепке чейинки билимди милдеттүү киргизүү;
— “Бизнестен билимге” демилгесин ишке ашыруу;
— жаш адистерди айылдык билим берүү мекемелерине тартуу үчүн стимулдук программаларды ишке киргизүү.
2. Саламаттык сактоо жана социалдык адилеттик
— ар бир жаранды сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык тейлөө;
— райондук деңгээлде мамлекеттик кепилдик программаларын киргизүү;
— майыптыгы бар жана социалдык жактан муктаж жарандарды толук колдоо;
— пенсия жана жөлөкпулдарды инфляцияга жараша индексациялоо.
3. Экономикалык өнүгүү
— аймактык индустриялык зоналарды жана технопарктарды өнүктүрүү;
— улуттук өндүрүүчүлөргө мамлекеттик сатып алууларда артыкчылык берүү;
— чакан жана орто ишканаларды салыктык стимулдар менен колдоо.
4. Аялдардын ишмердигин жана үй-бүлөлүк ишкердикти колдоо
— аялдарга жеңилдетилген насыя жана салык жеңилдиктерин берүү;
— үй-бүлөлүк бизнесин өнүктүрүү;
— “Кыргыз бренди” менен продукцияларды өндүрүү жана онлайн сатууну колдоо.
5. Жаштар жана миграция
— айыл жергесинде туруктуу жумуш орундарын түзүү;
— жаштар үчүн стартап жана чакан бизнес программаларын ишке киргизүү;
— санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү жана кесиптик билим берүүгө колдоо;
— жаштардын үй-бүлө институтун чыңдоо жана коомдук жоопкерчилигин жогорулатуу.
6. Туризм жана экология
— туризмди өнүктүрүү үчүн инфраструктура жана салык жеңилдиктерин камсыз кылуу;
— жолдорду, коопсуздук жана санитардык шарттарды жакшыртуу;
— жергиликтүү туризмди өнүктүрүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү колдоо;
— “Бир адамдан – бир көчөт” экологиялык демилгесин мыйзамдаштыруу.
7. Туруктуу өнүгүү жана ачык башкаруу
— мыйзам чыгарууда элдин турмушуна түз таасир этүүчү чечимдерди кабыл алуу;
— аймактардын өзгөчөлүгүнө ылайык социалдык-экономикалык саясат жүргүзүү;
— шайлоодо тең атаандаштыкты камсыз кылуу үчүн мыйзамдарды жакшыртуу;
-мамлекеттик башкарууда ачыктык, кесиптик этика жана жоопкерчилик принциптерин бекемдөө.
Бир максат — Бир эл — Бир келечек!
Буйрутмачы: Касымова Н.А.– Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 10-округ боюнча көп мандаттуу депутаттыкка талапкер. Ишке ашыруучу: Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Кут Билим» Медиа Борбору мекемеси. Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН): 00704199310081 Дареги: Тыныстанов көчөсү, 257-үй, 104-бөлмө Тиражы: 100 нуска Жарыяланган күн: 11.11.2025-жыл Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер Н.А.Касымова тарабынан түзүлгөн шайлоо фондунун эсебинен төлөндү.
Комментарийлер