“Бир айга бир китеп” — ар айда жаңы дүйнөнү ачкан саякат!
- 21.11.2025
- 0
Жаңы 2025–2026-окуу жылында “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесине караштуу өлкөбүздүн бардык аймактарындагы мектептерде 1-6-класстары үчүн окуучулардын китеп окууга болгон кызыгуусун жана китеп окуу маданиятын калыптандыруу максатында п.и.д.К.Акматовдун демилгеси менен “Бир айга бир китеп” аттуу долбоор уюштурулду.
Бүгүнкү билим берүү системасынын негизги максаты – окуучуга даяр билимди берүү эмес, тескерисинче, аны өз алдынча издөө, талдоо жана баалоо жөндөмүн калыптандыруу болуп саналат. Мындай компетенцияга жетишүүнүн өзөгүн сынчыл ой жүгүртүү түзөт. Сынчыл ой жүгүртүү – бул маалыматты сокур ишеним менен кабыл албай, аны талдап, салыштырып, негиздеп, логикалык тыянак чыгаруу жөндөмү. Ошондуктан китеп окууга болгон кызыгуусун калыптандыруу окуучунун сынчыл ой жүгүртүүсүн калыптандыруудагы негизги кадамдардын бири.

Бул долбоорго ар бир ай сайын милдеттүү түрдө окулуучу китептердин тизмеси берилген. Ал китепти ата-энелердин көзөмөлүндө ар бир бала өз алдынча окуп чыгууга милдеттендирилген. Китеп окуудан кийин окуучулар окуган чыгармасы боюнча ролдошуп аткаруу, кол өнөрчүлүк иштерин жасоо, сүрөт тартуу, талкуу өткөрүү, түшүнүгүн көркөмдүк менен айтуу жана тест аркылуу баалоо сыяктуу кызыктуу иш-чараларга катышышат.
“Бир айга бир китеп” долбоору балдардын окууга болгон сүйүүсүн арттырып, алардын чыгармачылык жана ой жүгүртүү жөндөмүн өнүктүрүүгө, ата-энелер менен биргелешкен баарлашууну чыңдоого багытталган.
Бул долбоор ар бир окуучу үчүн китеп аркылуу жаңы дүйнөнү ачкан руханий сапар болуп калат деген чоң ишеним бар. Ушул иш-чараларды өткөрүп жатканда мугалимдер окуучунун сынчыл ой жүгүртүүсүн калыптандырууга карата кызыктыруучу

«Эгер сен ошол каармандын ордунда болгондо эмне кылмаксың? Эмне үчүн мындай деп ойлойсуң? Бул пикирге макулсуңбу? Эмне үчүн? Башка кандай чечим сунуштай аласың?» — деген суроолорду жана ар кандай көз караштарды салыштырып, алардын айырмасын жана окшоштугун таба билишине багыттоочу фактылар же мисалдар менен далилдөө көндүмүн өнүктүрүүчү тапшырмаларды да даярдашкан.
Ошондой эле топтук талкуу, дебат, ролдук оюндар окуучулардын өз оюн коргоого, башкаларды уга билүүгө жана бир пикирге келүүгө үйрөтүүчү тапшырмаларды уюштурушкан.
“Кумурскалар курган турмуш”
Сынчыл ой жүгүртүү – бир гана жеке иш эмес, баарлашууда да калыптанат. Окуучунун сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү – бул бир күндүк иш эмес, туруктуу процесс. Ошондуктан, “Сейтек” мектебинин мугалимдер жамааты ата-энелери менен бирдикте окуучуларын китеп окууга кызыктыруу аркылуу ойлонууга, суроо берүүгө, салыштырууга жана далил келтирүү менен сынчыл ой жүгүртүүнүн пайдубалын бекемдөөгө шарт түзүүнү күчтөндүрүүдө.


Октябрь айында “Сейтек” толук эмес жалпы билим берүү мектебиндеги 4-класстар арасында өзгөчө жандуу жана шыктануу менен өткөн иш-чара болуп өттү. Бул октябрь айында 4-класстардын окуучулары жана алардын ата-энелери кыргыз жазуучусу Мекен Болотовдун “Кумурскалар курган турмуш” аттуу чыгармасын бирге окуп чыгышты.


Китептеги каармандардын эмгекчил, ынтымактуу, кызыктуу жана таң калыштуу жашоосу менен таанышып, чыгарманы ролдорго бөлүнүп аткарып, сахналаштырышты. Долбоордун жүрүшүндө окуучулар өз ойлорун эркин билдирип, китептеги каармандар аркылуу эмгекчилдикке, адамгерчиликке, достукка жана мекенчил болууга карата суроолорго шыктануу менен жооп берип жатышты.

Ролдошуу менен аткарууда ар бир окуучу өз каарманынын мүнөзүн дал өзүндөй аткарып, артисттик чеберчилигин көрсөтүүгө аракет кылып, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон көрүнүштөрдү тартуулашты.
Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар ата-энелери менен биргелешип кумурскалардын жашоосун чагылдырган кол өнөрчүлүк иштерин жасашып, чыгармачылык өнөрүн көрсөтүштү. Ата-энелер да балдарынын жетишкендиктерине кубанып, окууга болгон кызыгууну колдоо зарылдыгын белгилешти.
Бул иш-чаранын негизги максаты — балдарды китеп окууга тартуу, үй-бүлөлүк баарлашууну бекемдөө жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү болду.
Иш-чара жылуу маанайда өтүп, “Бир айга бир китеп” долбоорунун дагы бир ийгиликтүү барагы катары мектеп тарыхында калды.
Китеп окуучуларга абдан жакты, кичинекей кумурсканын жашоосу тууралуу китептен кеңири мааламат алуу менен эле чектелишкен жок. Окуучулар өз алдынча интернет булактарынан да кызыктуу фактыларды окуп билишти. Китепти окуп талкуулап, баяндама, жат жазуу жана тесттерди жазышты. Ошону менен бирге 4-а класстын, 4-д класстын ата-энелери балдар менен бирге кызыктуу сабактарды өтүштү.

4-а класстын ата-энелери жана окуучулары үч топко бөлүнүшүп, ар бир топ өздөрү даярдаган долбоорлорун жактап беришти. Сабак башталганда окуучулар өздөрүнүн даярдап жаткан иштери боюнча иштин жүрүшү тууралуу кыскача видеолорун көрсөтүштү.
1-топ.Таттуулар тобу кумурсканын уюгун алардын жашоо аракеттерин тортко түшүрүшкөн. Ал тортту кантип даярдашканын жана жасоонун максаттары тууралуу айтып беришти. Тортто уюгунун түзүлүшү жана кумурскалардын түрлөрү алардын аткарган иштери айтылды.
2-топ. Жашылча- жемиштер тобу, алар эне кумурсканы, санитар, күзөтчү, кампачы ж.б кумурскалардын түрлөрүнүн баарын жасап, алардын аткарган иштерин тизмектеп айтып беришти.
3- топ. Жалаң эркек балдар айлана-чөйрөдөгү жалбырак, чөптөр, куурай ж.б нерселерди колдонуп гербарийден кумурскалардын турмушун чагылдырышкан. Балдар өздөрүнүн иштеринде ар бир кумурсканын аткарган кызматын толук бергенге аракет кылышканын, а түгүл иштерин бүтпөй калып бир үйдө түнөп калышканын да айтышты.
Сабакты жыйынтыктап жатып, ата-энелер тарабынан даярдалган суроолорго жооп беришти. Китепти кызыгып окугандыктан, абдан жакшы түшүнгөндөрү билинип турду. Ар бир суроого өздөрүнун оюн да кошуп кетишти. Алардын жооптору абдан кызыктуу болду. Катышып отургандар абдан ыраазы болуп, кубанып жатышты. Айрымдарына эргип күлүп да алышты. Кумурсканын уюгунун макетин жасап келишкен. Макет абдан сонун жасалгандыктан кумурскалар билим алышпаса да мыкты архитектор экенин баса белгилешти. Алардын жашоосу кудум эле адамдардыкындай экен. Бирок адамдар үй куруу үчүн, дарыгер, күзөтчү, тамак-аш технологу болуу үчүн атайын билим алышып, илим жана техникага таянышса, кумурскалар жөпжөнөкөй эле жасап алышат экен деп салыштырып жатышты. Кумурсалардын жашоосундагы фактылар тууралуу да айтып беришти. Сабакты жыйынтыктап жатып кумурскалар тууралуу ырларын ырдашты. Ырдын автору ата-энелер экени айтылды. Мектептин мүдүрү Абылгазиев Кайрат Канатович белгилеп өткөндөй башынан аягына чейин бир дем менен отуруп, убакыт кандай өткөнүн да байкабай калышты.
Иш-чаранын аягында 4-класстын мугалимдери Абдымусаева Элмирага, Касымбаева Майрамга, Бекишова Таалайкүлгө жана ата-энелерине, окуучуларга терең ыраазычылык билдирип, “Сейтек” ТЭЖББМнин жалпы жамаатына “Бир айда бир китеп” долбооруна ийгилик кааладык.
А.АБЫКАНОВА, “Сапат” ЭББМ нин башталгыч класстары боюнча координатору




Комментарийлер