«БИР АДАМДАН БИР КИТЕП» ДОЛБООРУ
- 02.03.2024
- 0
2024-жылдын 2-мартында Аксы районундагы Надыр Мамбетов атындагы орто мектебинде «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп өттү.
Ага «Азиянын балдары» эл аралык кайрымдуулук фондунун Кыргызстандагы директору Майсалбек Курбаналиев, IT тармагы боюнча белгилүү адис, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин алдындагы IT колледжинин директору Арген Дүйшөнбеков, Кербен мэриясынын аппарат жетекчиси Абдыкаар уулу Нурлан, «Аксы Жаштар биримдигинин» өкүлдөрү жана башка коноктор, ата-энелер, окуучулар катышты. Жалпысынан алганда мектептин китеп фондусу 1200дөн ашык китептер менен толукталды. «Бирдики миңге, миңдики түмөнгө» демекчи, айыл тургундары, ата-энелер, окуучулар жана аталган долбоор тарабынан берилген бул китептер чаңкаган жан дүйнөгө азык болсун деген аруу тилек менен иш-чара жыйынтыкталды. Китеп майрамында коноктор өз ойлорун айтышып, жаш бөбөктөр өнөрлөрүн тартуулады. Мында айылдын тургуну Касымбекова Гулайымдын эмгеги чоң.
Узен АТАКАНОВ, Аксы району
Комментарийлер