«БИЛИМГЕ УМТУЛАМ» КОНКУРСУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 13.01.2025
  • 0

11-январда Билим берүү жана илим министрлиги Улуттук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосу» менен бирге  бардык мектеп окуучулары үчүн уюштурган «Билимге умтулам» конкурсу жыйынтыктады.

"БИЛИМГЕ УМТУЛАМ" КОНКУРСУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Эске сала кетсек, конкурс өлкөбүздүн 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүсүнө арналган. Конкурстун негизги талабы  «Билимге умтулам» деген темада чакан эссе жазуу болгон. Республика боюнча 50гө жакын окуучу катышты.

"БИЛИМГЕ УМТУЛАМ" КОНКУРСУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

“Биринчи радионун” түз эфирине Бишкек шаарындагы № 38 мектептин 5 “а” классынын окуучусу Кубанычбекова Адеми, № 11 мектептин 6 “а” классынын окуучусу Раяна Рыскулова жана аталган мектептин мугалими Калил кызы Ыкыбал катышып, жазган эсселерин түз эфирде окуп беришти.

"БИЛИМГЕ УМТУЛАМ" КОНКУРСУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Ошондой эле Баткен областынын Кадамжай районунун «Сары-Алтын» мектебинин 7 «а» классынын окуучусу Урубилова Хадичанын жана Б. Айтматов атындагы мектебинин 10 “б” классынын окуучусу Эргешова Эркинайдын эсселери да түз эфирде окулду.

"БИЛИМГЕ УМТУЛАМ" КОНКУРСУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Конкурска катышкан бардык окуучуларга ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору тарабынан белектер берилет.

Бөлүшүү

Комментарийлер