БИЛИМДИН БАЙТҮП ДАРАГЫНА АЙЛАНГАН БУРУЛ ЭЖЕ

  • 08.10.2024
  • 0

Эңсеп жүрүп, эгемендүүлүккө жеткен 90-чу жылдар эсиңердеби? Элибиздин тарыхында бир жагы кыйын, бир жагы эртеңки күнгө үмүт менен караган өзүнчө кызыктуу доор эмес беле?!

БИЛИМДИН БАЙТҮП ДАРАГЫНА АЙЛАНГАН БУРУЛ ЭЖЕ

Эгемендүүлүктүн эң алгачкы күндөрү  Билим берүү министрлигинде иштеген Бурул Иманалиева өзүнүн жылуу ордун таштап, түрк боордоштордун жардамы менен жаңы типтеги билим берүү мекемесин түптөөгө киришкени азыр да эсибизде.

Чынын айталы, эженин ошондогу кадамына көпчүлүк ишенбей турдук. Бизге жок нерсени жаратуу таптакыр кол жеткистей сезилчү…

Бирок кыйынчылыктан коркпогон, акылгөй  адам аракет кылса, баарына жетет экен. Бурул эже көздөгөн максатынан бир да күн, бир да саат артка кайткан жок. Тескерисинче, баарын таң калтырып, Кыргызстандын тарыхында кыргыз-түрк достугуна данакер болгон Анадолу лицейин түптөдү…

32 жыл Анадолу лицейине ак кызмат өтөдү.

Бул мезгилдин аралыгында билим берүү ишинин дасыккан уюштуруучусу Бурул Жапаровна миңдеген окуучуларды мектеп туурунан турмуш жолуна учуруп, Түркиядан келишим менен иштөөгө келген 600дөй мугалимге, жергиликтүү 40тай мугалимге эже да, эне да, насаатчы да, жетекчи да болду.  Түркия жиберген 20 чакты лицей мүдүрү менен өз ара ынтымакта окуу жайдын ийгилигин арттыруу үстүндө талыкпай эмгек кылды.

Натыйжада Анадолу лицейи эгемендүүлүк жылдары өлкөбүздүн билим берүүсүндө өз ордун тапкан, алдыңкы лицейге айланды. Учурда бул билим берүү мекемесинде 24 мугалим эмгектенип, алар 199 окуучуга билим-тарбия берүүдө. Лицей окуучулары ЖРТда, предметтик олимпиадаларда эң алдыңкы орундарды ээлеп келүүдө. Быйылкы ЖРТда бүтүрүүчүлөр алган эң төмөнкү балл 158 болду. Басымдуу бөлүгү мындан көп эсе жогору баллга жетишип, натыйжада Польша, Түркия, Америка, Кытайдын эң алдыңкы жогорку окуу жайларына окууга өтүштү.

Албетте, лицейдин бул ийгиликтеринде Бурул Жапаровнанын эмгеги теңдешсиз экени талашсыз. Бул жерде жетекчинин башкаларга өрнөк болор жетекчилик сапаттарын да айтпай кетпесек болбос. Бурул эже лицейде иштеген отуз эки жылдын ичинде кол алдындагы бир да  киши менен катуу айтышып, конфликтке барбаптыр.

Ошондонбу Анадолу лицейиндеги эс алууга узатуу салтанатында чыгып сүйлөгөн улуу-күчүүнүн баары эже тууралуу жалаң жанга жагымдуу жакшы сөздү айтып жатышты. Окуучулардын сүйүүсү, мугалимине болгон сый-урматы кучак толгон гүлдөрдөй чексиз болду.

Ошентип, Бурул Иманалиеванын Мугалимдер күнүн белгилөөгө туура келген эс алууга узатуу салтанаты  эсте каларлык өттү…

Ак тилек каалоолор, жүрөктөн чыккан ыраазылык сөздөр арбын болду…

Ошолордун бирөөсүн албетте, айта кетейли.

Лицейдин директору Корай Ыйламзер өз сөзүндө Бурул эжени мөмөлүү байтүп даракка теңеди.

Сөз эмес бекен!

 Маалымат үчүн: Республикалык кыргыз-түрк Анадолу лицейи Кыргызстан өз эгемендүүлүгүнө ээ болгондон бир жыл өтүп-өтпөй, 1992-жылы, ачылган. Лицей Түркиянын Бишкектеги элчилигинин Билим берүү иштери боюнча бөлүмү менен түздөн-түз байланышта иштейт, б.а. элчиликтин аталган бөлүмү боордош эки өлкөнүн билим берүү министрликтери тарабынан бекитилген окуу программасынын ишке ашуусун көзөмөлдөйт. Окутууга кеткен бардык чыгымдар түрк өкмөтүнүн мойнунда. Окуучулар окуу китептери менен камсыздалып, аларга акысыз тамак берилет. Билим берүү төрт тилде: кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.
Төрт тилдеги окутуу даярдоо класстарында эле башталат. Лицейге Кыргызстандын жараны болгон 8-класстын окуучулары тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алынат. Даярдоо классында окугандан кийин окуучулар 9, 10, 11-класстарга өтүшөт. Лицейдин бүтүрүүчүлөрү Кыргызстанда жана Түркияда колдонууга бирдей жарамдуу орто мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестат алышат.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим», К.АЛИЕВ, РКТАЛ кызматкери

Бөлүшүү

Комментарийлер