БИЛИМДҮҮ КООМ – ӨНҮККӨН ӨЛКӨ

  • 10.11.2025
  • 0

                  

                                        №14 шайлоо округу

                      Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер

                             Бердимуратова Гүлжан Калпакбаевна  №12

    БИЛИМДҮҮ КООМ – ӨНҮККӨН ӨЛКӨ

 

 Талапкердин шайлоо алдындагы программасы:

Менин максатым — эл үчүн иштеген, элдин үнүн мыйзам аркылуу жеткирген чыныгы эл өкүлү болуу.

1. Билим берүү тармагындагы коомго өтө маанилүү маселелерди мамлекеттик деңгээлде ишке ашыруу

— Мугалимдердин социалдык статусун жогорулатуу;

— Кесиптик билим берүү системасына мамлекеттик колдоону күчөтүү;

— Эмгек маянасын татыктуу камсыздоо;

— Ар бир бала үчүн сапаттуу билимге тең жетүү мүмкүнчүлүгүн уюштуруу:
— Мугалимдерди турак жай менен камсыз кылуу программасын мыйзамдаштыруу (аймактык стимул катары).

2. Гендердик адилеттүүлүк жана аялдарды зомбулуктан коргоо боюнча  мыйзамдык демилгелер

— Жалгыз бой аялдарга, социалдык маселеси оор болгон  үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан жардам берүү;

— Аялдардын эмгек укуктарын камсыздап,  иш берүүчүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүү.

3. Аймактарды өнүктүрүү жана энергетикалык тең салмак боюнча мыйзамдык демилгелер

— Кара-Көл, Токтогул, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай сыяктуу энергетикалык аймактары мамлекетибиздин стратегиялык өнүгүүсүнө салымы жогору болгон калкынын кызыкчылыгын коргоо үчүн:
• ГЭСтерден түшкөн кирешенин белгилүү бир пайызын жергиликтүү бюджетке багыттоо боюнча мыйзам сунуштоо;
• Энергетика тармагында жергиликтүү кадрларды даярдоо жана ишке алуу боюнча квоталык система киргизүү.

4. Жаштар саясаты жана келечекке инвестиция

— Улуттук экономикабыздын келечегинин эң маанилүү булагы болгон, жаштарды иш менен камсыз кылууга багытталган мыйзамдарды ишке ашыруу.

  • ар бир аймакта жаштар борборлорун каржылоо;
  • жаш ишкерлерге жеңил насыя жана салыктык колдоо берүү;
  • жаштардын билим, маданият жана спорт тармагындагы демилгелерин мамлекеттик деңгээлде колдоо.
    • Мыйзам долбоорлорунун коомдук талкуусун милдеттүү кылуу — эл мыйзам жаратуунун активдүү катышуучусу болушу керек;
    • Коррупцияга каршы мыйзамдарды күчөтүү жана мамлекеттик кызматкерлердин киреше-дүңүн ачык жарыялоо системасын мыйзамдаштыруу.

Жыйынтык сөз

Менин максатым — элдин үнүн угуп кана койбостон, анын маселесин мыйзам түрүндө чечүүгө жетишүү. Мен мыйзам чыгаруучу органда элдин кызыкчылыгын коргоп, билим менен, адилетүү жана жоопкерчиликтүү Кыргызстан үчүн иштейм!

Талапкердин кыскача өмүр баяны:

Бердимуратова Гүлжан Калпакбаевна 1970-жылы Токтогул районуна караштуу Жетиген айылында интеллигенттердин үй-бүлөсүндө жарыкка келген. 1977-1987-жж. Жетиген айылындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктап, 1987-1992-жж. Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун  математика жана информатика факультетин ийгиликтүү аяктап, бүгүнкү күнгө чейин алган билимин  келечек жаш муундарга арнап келатат. Үй-бүлөлүү, эки кыздын апасы. 1992-2025-жылдар аралыгында билим берүү тармагында эмгектенип келет. 2010-2025-жылдары Кыргызстандагы “Аялдардын демократиялык тармагында” мүчө. Көптөгөн жалгыз бой аялдарга, турмуштан запкы көргөн аялдарга, жетим, тоголок жетим балдарга жардам колун сунуп келет.

Талапкердин мурдагы шайлоолорго катышуусу

(шайлоо күнү жана аталышы көрсөтүлөт):

1993-жыл, Кетмен-Төбө жергиликтүү  кеңешке депутатыкка талапкер, 2011-жыл, Кара-Көл шаардык кеңешке депутатыкка талапкер, 2015-жыл, Кара-Көл шаардык кеңешке депутатыкка талапкер,  2021-жыл, Кара-Көл шаардык кеңешке депутатыкка талапкер, 2021-2023-жж. —  Кара-Көл шардык кеңеште депутат.

Буйрутмачы: Өмүрбек уулу Рустам – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер Г. К.Бердимуратованын ыйгарым укуктуу өкүлү. Ишке ашыруучу: Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Кут Билим» Медиа Борбору мекемеси.   Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН): 00704199310081  Дареги: Тыныстанов көчөсү, 257-үй, 104-бөлмө   Тиражы: 50 нуска   Жарыяланган күн: 10.11.2025-жыл  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер  Г.Т.Жалилованын тарабынан түзүлгөн шайлоо фондунун каражаттарынан финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек уулу Рустам талапкер Г. К.Бердимуратова аркылуу төлөндү.
Бөлүшүү

Комментарийлер