Билим жарманкеси: инновациялар жана алдыңкы тажрыйба

Бүгүн көл жээгинде Россия менен Кыргызстандын билим берүүдөгү инновациялык жетишкендиктеринин жарманкеси башталды. Иш-чара Кыргызстандын педагогдорунун август кеңешмесинин алкагында өтүүдө.

Билим жарманкеси: инновациялар жана алдыңкы тажрыйба

«Биз бүгүн билим берүү аркылуу достукту бекемдеп, мамилебизди тереңдетишибиз керек», — деди министр Догдургүл Кендирбаева жарманкенин ачылышында.

Билим жарманкеси: инновациялар жана алдыңкы тажрыйба

Эки күнгө созулган бул жарманкеде эки өлкөнүн билим берүү уюмдарынын инновациялык жетишкендиктерин чагылдырган көргөзмө, мастер-класстар, “Технологиялык лидерликке жетишүүдөгү билим берүүнүн орду”, “Педагогикалык кадрларды даярдоо чөйрөсүндөгү инновациялар” жана “Билим берүү процессиндеги санарип чечимдер” деген секцияларда кызуу талкуулар өтүүдө.

Билим жарманкеси: инновациялар жана алдыңкы тажрыйба

Билим жарманкеси: инновациялар жана алдыңкы тажрыйба

Кыргызстандын билим берүү тармагы масштабдуу өзгөрүү алдында турганда, мугалимдердин салтка айланган Август конференциясынын мындай масштабдуу иш-чаралар менен өтүп жатканы Кыргызстан үчүн өтө маанилүү.

Билим жарманкеси: инновациялар жана алдыңкы тажрыйба

Билим жарманкеси: инновациялар жана алдыңкы тажрыйба

Жарманкеде Кыргыз мамлекеттик техникалык университети бир канча долбоор менен келген. Анын бири Майлы-Суу шаарындагы автобекетинин макети.

Билим жарманкеси: инновациялар жана алдыңкы тажрыйба

Билим жарманкеси: инновациялар жана алдыңкы тажрыйба

Ал эми Ош мамлекеттик университети жарманкеге студенттер тарабынан кыргыз колоритиндеги чоподон жасалган сувенир, белдемчи, этночапан жана мындан башка жети долбоорду алып келген.

Билим жарманкеси: инновациялар жана алдыңкы тажрыйба

Билим жарманкеси: инновациялар жана алдыңкы тажрыйба

Улуттук агрардык университетинин окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан дары-дармектер, жер семирткичтер жана малина, помидор сыяктуу жашылча жемиштердин мол түшүм бере турган түрүн көрсөттү.

Билим жарманкеси: инновациялар жана алдыңкы тажрыйба

Билим жарманкеси: инновациялар жана алдыңкы тажрыйба

Кыргыз улуттук университеттин студенттери стартап долбоорлорун сунуштады.

Билим жарманкеси: инновациялар жана алдыңкы тажрыйба

Жарманкеде Кыргызстандын 7 дубанынан мугалимдер, мектеп директорлору, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү болду. Россиядан билим берүү тармагындагы 150дөн ашык уюмдун өкүлү келип, университеттери тууралуу маалымат беришти.

Бөлүшүү

Комментарийлер