12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ПАЙДУБАЛЫ БАЛА БАКЧАДАН БАШТАЛАТ
- 12.08.2025
- 0
Быйылкы 2025-2026- окуу жылынан баштап өлкөбүздөгү мектептер улуттук билим берүүнүн жаңы моделине ылайык 12 жылдык билим берүүгө өткөнү турат. Кыргыз билим берүү академиясынын мамлекеттик тил жана лингводидактика лабораториясын жетектөөчү илимий кызматкери, педагогика илимдеринин доктору, профессор, 20га чукул окуу китептеринин автору Сулайман Рысбаев менен билим берүүнү реформалоонун өзгөчөлүктөрү, күнгөй-тескейи, башталгыч класстардын окуу китептери менен маектештик.
-Сулайман Казыбаевич канча жылдан бери билим берүү тармагын реформа кылабыз деп келген менен чыныгы аракеттер эми көрүлүп, улуттук билим берүүнүн жаңы моделин түзүүгө салым кошуп жатасыздар. Ошондо 12 жылдык билим берүү менен кандай утушка, артыкчылыктарга ээ болобуз?
— Чынында ар кандай реформа өзүнчө кыйынчылыктар, түрдүү тоскоолдуктар менен жүрөт. Анан ошол реформага түрдүү тарабынан керектүү жол жоболорун жана даярдыктарын көрүүбүз шарт. Адегенде ата-энелердин, окутуучулардын психологиялык, экинчиден, мамлекеттин уюштуруучулук даярдыгы, үчүнчүдөн, окутуучулук педагогикалык даярдык зарыл. Мына ушул үч даярдыктар өз орду менен талаптагыдай аткарылса, албетте ушул сыяктуу реформалар өзүнүн жолуна, нугуна түшөт. Албетте дүйнөдө билим берүүдө жана башка тармактарда түркүн реформалар болот жана болуп жатат. Ошондо дагы мындай анализдеп көрсөк, ийгиликтер кыйынчылыктар жана тобокелчилик менен келет. Бизде дагы ошондой болуп жатат. Кыргызстанда билим берүү көптөн бери мынчалык деңгээлде жаңы багытка бир да жолу бурулган жок. Жаңы багыттар, жаңы талаптар менен катар мына ошолорду камтыган 12 жылдык билим берүү системасы жергебиздин дагы, Агартуу министрлигинин дагы чечкиндүүлүгү менен башталып отурат.
Биз 12 жылдыктын билим берүүнүн эшигине кадам таштап, босогосуна келип калдык. Кудай буйруп сентябрь айында башталышын, улуттук билим берүүнүн жаңы моделин өз көзүбүз менен көрөбүз. Кыйынчылыкка да, өзгөрүүгө болгон муктаждыктын, өзгөрүүнүн зарылчылыгын дагы акырындап көрө баштайбыз. Эмне үчүн 12 жылдык окутуу? Бул бара бара мектептер профилдик багытка өтүүгө даярданып жатат. Мисалы, көпчүлүк ата-энелер “эмне себептен 12 жылдык билим берүүгө өтүп жатабыз? Бизге мунун кандай зарылчылыгы бар?” деп бизден сурашат. Эң биринчи баланы турмуш жолуна даярдоодон, кесиптик туура багыт берүүдөн башталат. Мектептин эң биринчи милдети адамды өнүктүрүү, экинчи- баланы инсан катары калыптандыруу, үчүнчү- баланы азыртан баштап жашоого даярдоо. Биз ошол баланы ар тараптан өнүктүрүү менен дагы, аларды элибиздин атуулу кылуу менен дагы турмушка даярдоону ойлонуу керек. Дүйнө жүзү уктабай изденүү менен болуп жаткан соң “канчалык алдыга жылып кетет” дегендей биздин балдарыбыз өзгөрүп жаткан дүйнөнүн алдында турушат.
-12 жылдык билим берүүнүн алкагында окуучулар мектептен бир кесипке ээ болуп чыгышы үчүн даярдыктар көрүлүп, маселелер чечилип жатабы? Бул үчүн кесиптик лицейлерге, колледждерге басым жасоо зарыл го?
-Мисалы 11-классты бүткөн бала кээде кайсы окууга барып тапшырууну билбей кыйналат, кайсы кесип тандаганын билбейт. Ошон үчүн биз негизги мектеп, тогузунчу классты бүткөндөн кийин бала сөзсүз түрдө өзүнүн турмушуна керектүү багытты тандашы керек. 12 жылдык окуунун биринчи милдети ушул, тогузунчу классты аяктагандан кийин балдар профилдик багытта окуп даярдык көрөт. Себеби бүгүнкү күндө биз үч же төрт профилди кудай буюрса тандайбыз, технологиялык же табигый математикалык, гуманитардык жана ушул сыяктуу. Ошол багытка бала өзүнүн мүнөзүн жана турмуш жолун таап, ошол тарапка бурат. Сентябрь айынан баштап, биз профилдик багыттагы стандарттарды жана программаларды ар бир предмет боюнча киришкени жатабыз. Кыргызстан ошол лицейлерди, орто билим бере турган колледждерди өнүктүрөт. Түркүн колледждер жана лицейлер менен балдар билим алып, турмуш жолуна аттана беришет. Ал эми “дүйнөнүн чоң окуу жайларына барам, Кыргызстандын окуу жайларына барып, башка кесипке ээ болом” дегендер 12 жылдык окууну акырындан аяктай берет.
— Билимдин фундаменти бала бакча жана башталгыч класстан түптөлүп, эң биринчи А тамгасынан башталат эмеспи. Он эки жылдык билимге өтүп жатканда алты жаштагы балдар биринчи класска барышат. Алар үчүн окуу куралдары даярбы?
— Бүгүнкү күнү эң биринчи билимди түптөөчү бакча, андан соң биринчи класс, биз бакчалардын кыргыз тили программасын жаздык. Эл аралык стандарттагы “Наристе” деген программанын негизинде талаптарын да жасадык, буюрса, беш жашар бала бакчанын жогорку этабы болуп калды. Башкача айтканда жогорку тайпасы. Жогорку тайпасын бүткөндөн кийин ал алты жашында мектепке келип, билим ала баштайт. Демек алты жаштагы баланын пайдубалы бекем болуусу үчүн пайдубалдын түбүндөгү негизин, бакчаны бекемдеш керек.
Бакча үчүн дагы “Алиппеге кадам” аттуу китебин жазып чыгаргам. Ошол беш жашар баланын мүмкүнчүлүгүнө карата тамга таанытып, анан мектепке даярдоо максатында. Мектепке келгенде бүгүнкү күндө “Наристе” деген китеп жаздым, ал өзүнчө бир комплекс. Илимий тил менен айтканда “баланын фонематикалык угуусу” деп коет, тыбыш кандай үндү берип, кандай тамга менен белгиленип, ал тамганын жазылышын сабаттуу деңгээлде үйрөнбөсө, бала сабатсыз болуп чоңойот. 40-50 жашка толсо дагы түрдүү грамматикалык каталарды кетирет. Ошон үчүн биз адегенде балдардын мүмкүнчүлүктөрүн, «Алиппеге» даярдык деген кол көндүрүүчү, социалдаштыруучу, машыктыруучу, өнүктүрүүчү жана даярдоочу жумушчу дептери жана “Алиппе” аттуу “Наристе” китеби.
Ал китептин ичиндеги эң негизги максат- кыргыздын турмушун, баалуулуктарын таанытып, кыргыз жыттанган бир чөйрөгө билим аркылуу киргизүү. Ошондо таанытуу менен тарбия берүү максатын көздөп, ошол китеп түзүлгөн жана ал боюнча жазып, “моторикасын өнүктүрүү, колун көндүрүү” дейбиз жана ошентип сабаттуу жазууга үйрөнөт. Биринчи класста сабаттуулугун бекемдебесе, эч убакта экинчи класстын билимин алып кете албайт. Бул жерде дагы бир кыйынчылык бар, башында айткандай, реформанын талабы.
Мисалы, 7 жаш курактагы 2017-жылы төрөлгөн балдар быйыл 1-классты аяктап, 2-класска көчүшкөн. Анан 2018-жылы төрөлгөн балдар бакчада даярдык көрүп мектепке келишкен, алар 12 жылдык билим берүүнүн талабы боюнча секирип, алар да экинчи класс окушат. Демек, экинчи класстан эки түрдүү класс, эки деңгээлдеги класс; биринчиси – “Алиппени” окуп, таанышып бүткөн, экинчиси бакчадан даярдыгы менен келген. Алардын даярдыгы начар дагы, даярдыгы жок дагы балдар болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан ушул маселе бир ойлонуп, илимий, методикалык жана уюштуруучулук жактан ойлонуп, чече турган маселе. Ошон үчүн экинчи класска бала бакчадан келген балдар сабаттуулугун арттырып жана даярдыгын бекемдеп, экинчи класстын программасына кириш үчүн “Алиппе” окууну сунуштайбыз. Ал китепти окуп, сабаттулуугун арттырып, муундап же шар окууга жеткирип, экинчи чейректен баштап экинчи класстын программасына толугу менен киргизебиз. Бир аз адаптациялаган шартты уюштуруп жатабыз.
-Министр Догдуркүл Шаршеевна дагы бир чоң кадамды айтып, нукура кыргыз тилинде жазылган бүтүндөй китептерди жаздыруу боюнча сынак жарыялоону сунуштаган эле. Бул багытта кандай иш-аракеттер көрүлүп жатат?
-Министр демилге көтөргөнү учур талабы. Ошондуктан кыргыз тилин жана адабиятын, тарых китептерин баарын кайрадан жаздырабыз. Ошондо активдүү мугалимдер, мектептеги мыкты окуу-тарбия башчылары “мектептин алдыга сүрөйсүңөр! Аралашып, оюңарды айткыла. Китеп жазууга активдүү катышкыла! Сунуш пикириңерди айткыла. Эч убакытта сырттан карабай, баарыбыз ушул демилгени колдойлу” деп жакында эле Ысык-Көлдөгү “Жаңылыктын жарчысы” форумунда жакшы чакырык менен Догдуркүл Шаршеевна айтты.
Бул албетте педагогикалык коомчулукту ойлондура турган жооптуу жана орчундуу, маанилүү маселе. Албетте биздин билим берүү академиясында быйылкы 2024-2025 окуу жылында бардык аракетибиз 12 жылдык билим берүүгө бурулган. Биз илимий темабызды да ушул багытка бурганбыз, кечээ биздин академиянын президенти, педагогика илимдеринин доктору, профессор Назира Кубанычбековна дагы “билим берүү академиясы окуу нормативдик адабияттарын, анын мазмунун даярдоого бүтүндөй күчүн жумшаган” деп айткан. Чынында дүйнөлүк 63 стандарт жана программа, кырктан ашык календардык-тематикалык пландарды түздүк, бул өзүнчө бир комплексти элестетет. Кыргызстанда программа, календардык тематикалык план – бул мугалимдин эң негизги куралы. Жоокердин автоматына окшош да, ошолорду колдонуп, анан ишенимдүү түрдө мугалим мектепке сабак бере баштайт. Агартуу министрлиги дагы бир чоң нерсени жасаш керек, бул – методикалык жактан жабдуу. Кудай буйруп быйылкы жылдан баштап илимий темабызга дагы ушундай бир жаңылыкты киргизишибиз мүмкүн. Ушул 12 жылдык билим берүүнү методикалык жактан жабдууга ар бир сабак боюнча, ар бир колдонмого жана китептерге киришүү керек. Деги эле мугалимдер үчүн методикалык эмгек берүү зарыл. Мен мугалимдер менен аңгемелешип жүрөм, кечээ да сүйлөшкөнбүз, бизге эң маанилүүсү – окутуунун тематикасын өзгөртүү. Жайык билим берүүдөн тикелей бир билим берүүгө өтсөк болчудай. Буйрукчул командалык биримдиктен өз алдынча билим алууга өтүү керек. Негизи билим берүү эмес, билим алуу жөнүндө ойлонолу.

sdr
Кыргыз элибизде социалдык жоопкерчилик бар, балдарыбыздын, мамлекетибиздин жана улутубуздун келечегине ар бир ата-эне жана мугалим атуул катары социалдык жана маданий жоопкерчилик сезүүсү керек. Эгер жапон баласы жыгылып калса, “бул баланы тургузуп койгула. Ал келечекте Жапонияны көтөрөт” дейт. Ал эми кыргыз баласы жыгылып калса “көзүңдү чоңураак ачып бас, көзүң көрөбү?” деп тилдеп урушат. Демек ошол баланы көтөрүү тууралуу кеп болуп жатат, баланы көтөрүү үчүн билим бериш керек. “Биздин бала кыргыз жергесин көтөрөт” деп качан айтат? Ушундай деңгээлге психологиялык, педагогикалык, социалдык жана маданий жактан жалпы кыргыз мугалими дагы өзгөрүү керек. Мугалим “оку” деп айтканда окуйт. Ата эне “менин балам билим алуу максаты менен мектепке барат” деп сыймыктанат. Бала “мен өзүм окуйм, тырышам, күчүмдү жумшайм” деген сыяктуу бир нерсе биздин балдардын жүрөгүндө жана сезиминде болуусу абзел. Ушундай реформаларды ишке ашырууга биз психологиялык, социалдык, маданий жана педагогикалык жактан өзүбүздү даярдап, өнүгүүгө кадам таштайбыз.
Маалымат үчүн: Рысбаев Сулайман Казыбаевич 1956-жылы 17-февралда Ош шаарында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1973-жылы Токтогул районундагы «Сары-Камыш» айылындагы «Бирлик» орто мектебин аяктаган. 1978-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Окууну аяктагандан кийин, айылдык мектептерде кыргыз тили, адабияты сабагынан карапайым мугалим болуп иштеген. 1987-жылдан бери Кыргыз билим берүү академиясында, адегенде, ага илимий кызматкер, сектор башчысы жана бөлүм башчы, учурда лаборатория башчысы болуп иштеп келатат. Окумуштуу-педагог, педагогика илимдеринин доктору, профессор С.Рысбаевдин авторлугу менен жазылган 10 окуу китеп мектепте негизги окуу китеп катары 1992-жылдардан бери окулуп келатат.
Тактап айтканда, кыргыз мектептеринин 1-класстарынын «Алиппе» окуу комплекси, «Кыргыз тили», «Адеп алиппеси» 2-3-класстарынын «Кыргыз тили», орус мектептеринин 1-4-класстарынын жана өзбек мектептердин 1-3-класстарынын «Кыргыз тили» аттуу окуу-комплекстери. Ал республикабызда биринчи болуп 1-класстардын «Алиппе» окуу-методикалык комплексин түзгөн. Анын курамында: «Кесме тамгалар», «Шайыр тамгалар», «Боемо тамгалар», «Алиппе дептери», «Дил ачар» (класстан тышкаркы окуу үчүн хрестоматия) жана комплекстин «Методикалык көрсөтмөсү» бар. Бүгүнкү күндө бул комплекс мектеп практикасында 10 жылдан бери туруктуу колдонулуп келет.
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кут Билим”
Комментарийлер