БИЛИМ — КЕНЧ, ЭМГЕК — АЧКЫЧЫ
- 10.07.2025
- 0
“Дүйнөнүн шамы- билим, жашоонун шамы- эмгек” демекчи, 2024-2025-окуу жылы окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн “Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинин эмгек жамааты үчүн жемиштүү жылдардан болду.
Жемиштүү дегенибиздин себеби, жыл башында Түркиянын Анталья шаарында болуп өткөн XVI эл аралык мультипредметтик олимпиадага катышкан 36 окуучудан турган команда жалпы 56 алтын, күмүш жана коло медалдарына ээ болуп, Гран-При баш байгени багындырып, жыйырмага жакын мамлекеттердин арасында Кыргызстандын желегин желбирети.
Ал эми 2025-жылдын июнь айында Нидерланды өлкөсүнүн Гаага шаарында өткөн “Shenmo” менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадасына башталгыч класстардын 20 окуучусу катышып, биринчи, экинчи жана үчүнчү деңгээлдер боюнча Гран-Прини жеңип алышты.
Бул жеңиштердин, ийгиликтердин артында кесипкөй мугалимдердин тынымсыз эмгеги, чыгармачыл изденүүсү , ата-энелердин колдоосу жана окуучуларыбыздын окууга карата жоопкерчиликтүү мамилеси турат. Булар, албетте, аталып жаткан ийгиликтердин айрымдары гана.
“Терең билим, татыктуу тарбия” миссиясын ишке ашырып келе жаткан жамаат учурда эл аралык атаандаштыкка туруштук бере ала турган окуучуларды даярдап жаткандыгы эч кимге сыр эмес. Анын далили катары эки жыл катары менен эл аралык олимпиадада окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектеп экенине карбастан окуучулардын орус, англис тилдеринде билим берген мектептер менен ат салышып, эл аралык олимпиадаларда байгелүү орундарды багындырып келгендигин белгилеп кетсек болот.
-“Акак көркү-берметте, азамат көркү-эмгекте” демекчи, быйылкы окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрдүн жалпы жыйынтыгы суктандырып сыймыктандырат. Атап кетсек, 9-классты жалпы 34 окуучу аяктаса, алардын ичинен 11 бүтүрүүчү жалаң “5” деген баа менен аяктап, артыкчылык күбөлүгүнө ээ болушту. Ал эми 11-классты аяктаган 17 окуучунун ичинен сегиз бүтүрүүчү орто жалпы билим тууралуу артыкчылык кызыл аттестаттарын алышты.
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында да бүтүрүүчүлөрүбүз эң жогорку көрсөткүчтөрдү жаратышты.
Атап кетсек: алты окуучу 125тен 158 балл, дагы алты окуучу 163төн 184 балл алса, беш окуучубуз 190дон 227ге чейин баллга ээ болушту. ЖРТдан 200 баллдан жогору алган окуучуларыбыз: Курбаналиева Фирдауси негизги тесттен 227 балл алса, биология-98, химия-109 баллга татыктуу болду. Дайырбеков Дастан негизги тестте 210 балл, математикадан -134, англис тилинен-143 балл алды. Ал эми Кулубекова Аяна негизги тесттен 205 балл, биология- 87, физика-120 баллга ээ болду.
Мектеп боюнча эң жогорку балл- 227 болсо, ал эми бүтүрүүчүлөрдүн орточо баллы-175 болду.
11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн алды чет өлкөдөгү алдыңкы жогорку окуу жайларына чакыруу алгандыгы да бизди кубандырат. Атап кетсек, Карыпов Нурдөөлөт Америка Кошмо Штаттарынын Маями, Флорида, Нью-Йорк шаарларындагы университеттеринин IT инженерия факультеттерине жана Европадагы Венгрия мамлекетинин Венгрикум стипендиясына ылайык 100 пайыз гранттык негизде билим алууга чакыруу алган. Натыйжада дүйнөдөгү эң мыкты деп эсептелген алдыңкы 200 университеттин жана Кытай Эл Республикасындагы ТОП 10 университеттердин бирине кирген Шень Чжэнь шаарындагы Харбин технологиялык институтунун автомобилдик куруу инженериясы факультетинде 100 пайыз гранттык негизде билим алууну тандаган.
Кытайдагы аталган жогорку окуу жайына 100 пайыз гранттык негизде дагы эки бүтүрүүчүбүз өтүп, студент болду. Алар: Шамбетов Эмирхан жана Абдыжалиев Жумабек болуп саналат. Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарындагы “Synergy University Dubai” жогорку окуу жайындагы IT инженерия факультетине 60 пайыздык жеңилдик менен билим алууга дагы бир бүтүрүүчүбүз Асанов Кабылбек чакыруу алып, студент болгондугу бизди кубандырат. Ушундай эле Бекемтурова Нуркыз Малайзиянын Сямэнь университетине 100 пайыз гранттык негизде чакыруу алды. Жетилүү аттестаттары жана ЖРТнын жыйынтыктарын колго алганга чейин дүйнөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларына чакыруу алган бүтүрүүчүлөрүбүз менен сыймыктанабыз жана ар бирине ийгилик каалайбыз,-дейт “Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинин директору Салкын Карипова.
Албетте, бул чек эмес. Мектеп, окуучу жана ата-энелердин биргелешкен кызматташтыгынын натыйжасында дагы далай бийиктиктерди багындырышат деген ишенич зор.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан демилгеленген жаңы муунду глобалдык чакырыктарга даярдоонун негизи болгон билим берүүнү трансформациялоо процессин “Креатив-Таалим” Билим берүү комплекси да толук колдоп, анын ишке ашырылышына да активдүү катышууда. Бул реформа эл аралык стандарттарга жана башка өлкөлөрдүн ийгиликтүү практикаларына негизденип, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуучуларда зарыл болгон заманбап көндүмдөрдү жана билимдерди өнүктүрүү, ошондой эле эмгек рыногунда бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыздоо болуп саналат.
2024-2025-окуу жылында “Креатив-Таалим” Билим берүү комплекси Бишкек шаарындагы №5 жана №91 кесиптик лицейлер менен кызматташуу келишимин түзүү менен 10-класстын окуучулары үчүн тандаган адистиктер боюнча кошумча билим алууну уюштуруп, 10- жана 11-класста мектеп программасынан тышкары кошумча программанын негизинде тандаган адистиктер боюнча кошумча кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Окуучулар учурда рынокто талап кылынган кулинария, автоэлектрик, куруучулук сыяктуу кесиптерди тандашты. Натыйжада мектепти аяктоо менен бирге кошумча кесиптик билими тууралуу сертификатка ээ болууга мүмкүнчүлук түзүлмөкчү. Бул демилге “Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинин “Кыргыз-Герман инновациялык борбору” тарабынан көтөрүлүп, ата-эне жана окуучулар тарабынан колдоо тапты. Анткени Германия , ошондой эле Европанын алдыңкы өлкөлөрүндө 12 жылдык билим берүү системасынын алкагында кесиптик билим алуу- билим берүү системасынын негизин түзөт. Андыктан “Креатив-Таалим” Билим берүү комплекси менен Германиянын кесиптик билим берүү боюнча уюмунун ортосундагы меморандумдун негизинде тил үйрөнүү менен катар кесиптик билимге ээ болуу преаритеттүү багыттардын бири болуп саналат.
Кабыл Макешов, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кут Билим”
Комментарийлер