БИЛИМ КҮНҮ УЮШКАНДЫКТА БЕЛГИЛЕНДИ

  • 04.09.2023
  • 0

Аламүдүн районундагы Ж.Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясында 1-сентябрь — Билим күнүнө арналган иш-чара уюшкандыкта болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн  депутаттар кеңешинин төрөгасы К.Умурбаев баштаган өкүлдөр, ата-энелер жана мугалимдер катышты.    

БИЛИМ КҮНҮ УЮШКАНДЫКТА БЕЛГИЛЕНДИ    Ж.Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясынын директору, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги А.Омурова мугалимдер жааматын, конокторду, ата-энелерди жана жалпы эле окуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап өттү. Ал сөзүнүн соңунда КР Прездентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн апаратынын  жалпы билим берүү мекемелери менен биргеликте татыктуу билим алуусуна дайыма колдоо көрсөткөндүгү үчүн ата-энелер комитетинин төрагасы  К.Турдиевге Ыраазычылык кат тапшырды.

БИЛИМ КҮНҮ УЮШКАНДЫКТА БЕЛГИЛЕНДИ

Иш-чарада “Манас” айтуу конкурсунун жеңүүчүсү 5-6-класстарынын окуучулары “Манас” эпосунан үзүндү айтып, “Сахна кеби” ийриминин окуучулары патриоттук ырларды көркөм окуп беришти.

Класс жетекчилер КР Президентинин 2021-2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасында жарандык иденттүүлүк — Кыргыз жараны өнүктүрүү концепциясында жазылган принциптердин негизинде өнүккөн жана толеранттуу билим берүү чөйрөсүн түзүүнү камсыз кылуу максатында “Достукта биздин күчүбүз!”, “Санариптештирүү менин жашоомдо”, “Санариптик сабаттуулук — сапаттуу келечектин негизи” жана “Нарктуу кыргыз жараны — өлкөнүн келечеги” деген темаларда класстык сааттарды өтүштү.

 

А.КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер