Биринчи сабак: мамлекеттик катчы мектеп окуучуларына сабак өттү

  • 02.09.2024
  • 0

Бүгүн өлкөбүздүн ар бир мектебинде биринчи коңгуроо жаңырды. 100 жылдык мааракенин алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Т. Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түптөлүшү жана жаңы окуу жылынын башталышына карата «Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар» темасында сабак өттү.

Бул Zoom платформасы менен өтүп жаткан сабакка билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана 100 мектептен 100 миңден ашык окуучу катышты.

Сабактын максаты – билим берүүгө чоң салым кошкон улуу инсандар жөнүндө маалымат берүү, мындан тышкары, балдарга билимдин маанилүүлүгү жөнүндө түшүндүрүү, Кыргызстандын тарыхына жана азыркы заманга карата өзүнүн жарандык позициясын калыптандыруу болуп эсептелет.

«Мугалим дүйнө жүзүнүн түркүгү. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын билим берүүгө кошкон эбегейсиз салымы, аны жайылтуудагы көргөн азап-тозогу жаш муунга үлгү болушу керек. Эркиндик алган жылдардагы билим берүүдөгү өзгөрүүлөр, жаңылануулар ата-бабалардын бизге калтырып кеткен таберигинин натыйжасы. Өлкөдө окуучулардын илимий-техникалык жактан билимин көтөрүү менен бирге улууларды, устаттарды урматтоого, элибиздин нарк-насилин, каада-салтын аздектөөгө, кыргыз тилин так билүүгө басым жасалууда», – деди С. Касмамбетов.

Министр Догдуркүл Кендирбаева Кара-Кыргыз автоном облусунун түптөлгөнүнүн 100 жылдык мааракеси менен катар агартуу тармагынын негизделгенине кылым толду, жүз жыл аралыгында кыргыз эли туташ сабатсыздыктан, илимий-техникалык жетишкендикке жетүү менен заманбап билим берүү системасын түптөй алды деди.

«Биздин президент Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаевге “Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” наамын ыйгарды. Бул тизмеде алгачкы агартуучулардын бири Ишенаалы Арабаевдин болгондугу чоң сыймык. Өлкөбүздүн билим берүү тармагынын өнүгүшүндө мындай агартуучулардын эмгеги баа жеткис. Ким болбойлу, кайда болбойлу окуучуларга ата-бабаларыбыздын мурасы тууралуу айтып, алардын мекенчилдик сезимин ойготуп,  улуттук, мамлекеттик баалуулуктарды сактоого, коргоого үндөп жүрөлү», — деп кошумчалады.

Мектеп тууралуу кыскача маалымат:

Бишкек шаарындагы Т. Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясында окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт, ошондой эле чет тилдерди окутуу борбору  катары таанылган. Учурда гимназияда 210 педагог 4000ге чукул окуучуга  таалим-тарбия берүүдө. Окуу-тарбия комплекс-гимназиянын жамаатында “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими”, “Кыргыз Республикасынын эл артисти”, ”Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери”, “Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктыларынан” жана “Маданияттын мыкты кызматкерлеринен” турган чебер мугалимдер, маданият ишмерлери эмгектенишет.

Эльвира Какиева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер