БИЛИМ-ИЛИМ — ЫНТЫМАККА КӨПҮРӨ

  • 18.10.2022
  • 0

БИЛИМ-ИЛИМ - ЫНТЫМАККА КӨПҮРӨ

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын ректорлору Баткен жергесиндеги куралдуу кагылыштын илимий-интеллектуалдык чөйрөгө тийгизген таасири жана Кыргызстанда тынчтыкты камсыздоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштерди колдоо боюнча кайрылуу жасашты.

Төмөндө кайрылуунун толук текстин беребиз.

                                  Урматтуу Кыргыз Республикасынын                            жарандары, кесиптештер!

Баткен жергесиндеги куралдуу кагылыш окуу жана илимий-интеллектуалдык чөйрөдө эмгектенип жаткан жүз миӊдеген адамдарыбыздын да тынчын алууда.

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын ректорлору – биз — бул окуяларды абдан кабатыр болуу менен кабыл алып, бардык тараптарды, айрыкча, илимий-интеллигенция өкүлдөрүн тынчтыкты сактоого умтулууга, элдердин бири-бирине болгон мамилесине залал келтирбөөгө чакырабыз! Тынчтыктын баасы абдан бийик!

Көптөгөн жылдар бою Кыргызстандын окуу, илимий мекемелери коӊшу мамлекеттер менен тыгыз кызматташып, өз ара катнашты, мамилени бекемдеп келет. Тажик Республикасынын миӊдеген жарандары да биздин окуу жайлардан билим алып кетишүүдө. Биз билим жана илим багытын кызматташуунун, достук мамилени бекемдөөнүн чөйрөсү катары сактап калууга чакырабыз.

Азыркы күндөрү тынчтыкты калыбына келтирүү, маселени тынчтык жолу менен чечүү аракетин жасап жаткан Президентти, бийлик өкүлдөрүн, жергиликтүү элди коргоп жаткан жоокерлерди, жабыр тарткандарга жардам кылып жаткан жаштарды жана коомчулукту колдоо абдан чоӊ мааниге ээ.

Ошону менен бирге, биз, окуу процесси, жаштарды тарбиялоо, аларды чындыкка, тынчтыкка, Мекенди баалоого, умтулууга багыттоо, интеллектуалдык потенциалды өстүрүү башкы милдетибиз экенин да унутпайлы.

Жогорку деӊгээлдеги интеллектуалдык чөйрө гана аӊ-сезимди манипуляция кылып жаткан күчтөргө туруштук берип, калктын духун көтөрүп, акыл-эске келүүгө өбөлгө түзөт. Азыркы кырдаалда ушул чөйрөдө кызмат кылып жаткандар – тынчтыкты камсыздоо багытын кармаган ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан Президентти, мамлекеттин, эл-журттун кызыкчылыгын коргоп жаткандарды колдоодо, ынтымакка чакырууда туруктуулуктун жана бекемдиктин үлгүсү болот деп ишенебиз!

Акылмандык бар жерде, акыйкаттык бар! Ырыс алды ынтымак!

Бөлүшүү

Комментарийлер