БИЛИМ БИЙИКТИГИ: РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН IV ЭТАБЫ

  • 27.03.2026
  • 0

Бишкекте окуучулардын олимпиадасынын республикалык туру башталды.   Олимпиаданын Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинде  өткөн ачылыш аземине агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева, “Кыргызстан Маариф” фондунун директорунун орун басары Кыялбек Акматов жана башкалар катышты.

БИЛИМ БИЙИКТИГИ: РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН IV ЭТАБЫ

Олимпиаданын республикалык туруна келген 300дөн ашык жеңүүчү окуучуларды агартуу министринин орун басары Н.Жусупбекова куттуктап, катышуучуларга ийгилик каалады.

БИЛИМ БИЙИКТИГИ: РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН IV ЭТАБЫ

— Сиздер бүгүн бул жерге келүү үчүн чоң эмгек жумшап, тынымсыз издендиңиздер. Ошондуктан ар бириңиздер буга чейин эле жеңүүчүсүздөр. Өзүңүздөргө ишенип, мыкты жыйынтыктарды көрсөтө турганыңарга ишенем. Ар бириңиздер өлкөбүздүн келечеги болуп, илим менен билимдин өнүгүшүнө салым кошо турган жаш муунсуздар. Республикадан алдыга суурулуп чыккан балдарга дүйнөлүк олимпиадага жол ачылат. Калыстар тобу адилеттүүлүк менен мыктылардын билимин баалашын  суранып кетебиз, — деди Надира Сынташевна.

Ч.Айтматов атындагы “Сапат” лицейинде олимпиаданы таза  өткөрүү үчүн бардык шарттар каралган.

БИЛИМ БИЙИКТИГИ: РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН IV ЭТАБЫ

— “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинен жалпы регион боюнча 19 мектептен 55 окуучу ар кандай предметтер боюнча катышып жатат. Жеңишке жеткен  бир топ окуучуларыбыз эл аралык олимпиадага катышат деген үмүтүбүз чоң. Олимпиаданы сапаттуу жана коопсуз өткөрүү боюнча Агартуу министрликтин койгон талаптарынын негизинде бардык шарттар каралган. “Сапат” билим берүү мекемелеринин кызматкерлери көмөк көрсөтүп жатат. Окуучуларга ийгилик каалайбыз. Билимдүү окуучулардын жеңишке жетишине тилектешпиз, — деди “Кыргызстан Маариф” фондунун директорунун орун басары Кыялбек Акматов.

Мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасы Кыргызстандагы билим берүү системасында өзгөчө орунду ээлейт. Алар расмий түрдө билим сапатын жогорулатуу, интеллектуалдык потенциалды аныктоо жана таланттуу жаштарды колдоо механизми катары каралат.

БИЛИМ БИЙИКТИГИ: РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН IV ЭТАБЫ

Олимпиаданын негизги максаты — зээндүү окуучуларды аныктоо, алардын чыгармачылык жана аналитикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле мугалимдердин кесипкөйлүгүн баалоо.

БИЛИМ БИЙИКТИГИ: РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН IV ЭТАБЫ

Олимпиаданы өткөрүүдө эки негизги субъект бар: Агартуу министрлиги жана Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору. Бул модель ачык-айкындуулукту камсыздоого багытталган. Борбордун жетекчиси Чынара Батракееванын айтымында, сынак жобонун негизинде өтөт. Негизги предметтер — математика, физика, химия, биология, тарых, география, англис тили, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты. Акыркы эки предметтер: кыргыз жана орус класстарда деп бөлүнөт.

— Негизи 17 предмет боюнча билим жарышы өтөт.  Республикалык баскычта  олимпиаданы өткөрүү толугу менен методикалык жактан, тапшырмаларды түзүү, аларга жооп берүү, өткөрүү, калыстар тобу да биз тараптан түзүлдү. Министрликтин функциясына бардык уюштуруучулук маселеси кирет: жатакана, балдардын келгени, кеткени, алардын коопсуздугу.  Кыскасы, ар бирибиздин функциябыз жободо жазылган. Олимпиаданын жыйынтыгын чыгаргыча бардык иштерди биз аткарабыз.  7 облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан 300дөн ашык окуучу катышканы келишти. Ар бир предмет боюнча калыстар тобунун курамы түзүлдү. Министрлик тарабынан апелляциялык комиссиялар дагы түзүлдү. Эгерде катышуучу калыстар тобунун жыйынтыгына ынанбаса, арыз жазып, апелляцияга кирет. Апелляция жалаң гана жазуу турунда болот. Олимпиада 2 күн өтөт. 2-күнү практикалык турлар. Оозеки – англис тили, кыргыз, орус адабияттары болсо, лаборатордук иштер – физика, химия, биология сабактары боюнча өтөт. Информатика эки күн тең онлайн форматта, математика, тарых сабактарынан эки күн тең жазуу түрүндө өтөт. Жазуу турларда апелляциялар бар. Оозеки иштерге апелляция жок , — дейт Чынара Батракеева.

Баса, олимпиаданын бул жолку өзгөчөлүгү —  3-этапта окуучулардын алган баллдары Э-Күндөлүк  системасына жүктөлүп, автоматтык түрдө эсептелинип таза өтүүгө чоң өбөлгө түздү.

Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаеванын айтымында, «Күндөлүк» системасында олимпиада модулу жаңыртылып, окуучуларды улуттук жана республикалык олимпиадаларга каттоо жана этаптардан өткөрүү процесси толугу менен санарип форматка өткөрүлгөн. Система аркылуу олимпиаданын биринчи этабына 23 миң 67 окуучу катталып, экинчи этапка 2293 окуучу өткөн. Ал эми шаардык жана облустук баскычка 1672 окуучу катышса, республикалык этапка 350 окуучу катышат.

Олимпиадалык тапшырмалар кадимки окуу программасынан айырмаланып, төмөнкү жөндөмдөрдү текшерүүгө багытталган: жаңы шартта билимди колдонуу; альтернативдүү чечимдерди табуу; логикалык анализ жана аргументация; чыгармачылык ой жүгүртүү.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер