БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН КОЛЛЕГИЯСЫНЫН ОТУРУМУ ӨТКӨРҮЛДҮ
- 14.12.2023
- 0
13-декабрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын отуруму өттү.
Отурумда жалпы билим берүү уюму менен окуучунун ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) ортосундагы келишим түзүү, балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” №1-чакырыгы боюнча “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын аткарылышы, билим берүү тармагын санариптик трансформациялоо, өзгөчө статустагы жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгү, окуу китептери менен камсыздоо, 7 -8 класстар үчүн “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметине Билим берүү жана илим министрлигинин грифин ыйгаруу жөнүндө баяндамалар угулду.
Коллегия отурумдун күн тартибине киргизилген маселелерди сын-пикирлер жана сунуштар менен колдоду.
Комментарийлер