БИЛИМ БЕРҮҮ ТЕХНОЛОГИЯСЫНАН- БИЛИМ АЛУУ ТЕХНОЛОГИЯСЫНА КАРАЙ

  • 16.12.2025
  • 0

Сулайман РЫСБАЕВ,

педагогика илимдеринин доктору,

профессор

 

 

БИЛИМ БЕРҮҮ ТЕХНОЛОГИЯСЫНАН- БИЛИМ АЛУУ ТЕХНОЛОГИЯСЫНА КАРАЙБИЛИМ БЕРҮҮ ТЕХНОЛОГИЯСЫНАН- БИЛИМ АЛУУ ТЕХНОЛОГИЯСЫНА

же командалык-буйрукчул билим берүүдөн- демилгелүү билим алууга карай

 

Билим берүү- өз миссиясын аткарып бүттү

Я.А.Коменскийдин  ХVI кылымда негиздеген “балага билим берүү”  технологиясы — бүгүнкү доордо өзүнүн миссиясын аткарып бүттү. Адамзат өзүнүн өнүгүүсүнүн бүгүнкү глобалдашуу заманында жаӊы технологияларды колдонуунун ургаалдуу кезеӊине келди, т.а. адамзат бүгүн  “акылдуу” технологияларды колдонуп жашоого үйрөнүп жатабыз, а эртеӊ жалаӊ ошол технологиялар менен гана жашап калабыз. Андан эч ким артта же четке калууга болбойт. Андай шартта мурдагыдай  бирөөнү бирөө зордоп-күчтөп окутуп, тапшырмаларды буюруп-команда берип аткартып же  жетелеп-сүйөмөлөп, эптеп-септеп мектепти бүтүрүү технологиясы жарабай калат. Жаӊы доор окутуу менен тарбиялоонун жаӊы маанайын, жаӊы талапты, жаӊы өзгөрүүлөрдү  күтүп калды. Ал өзгөрүү — “буйрукчул-командалык окутуу технологиясынан” жаӊы багыттагы -баланын “демилгелүү билим алуу” технологиясына өтүүсү жана буга чейинки технологиялар “демилгелүү билим алуу” маанайы менен байытылып, толукталышы, интеграцияланышы, керек! Тактап айтканда, ушул экөөнүн ырааттуу симбиозу гана –бизге жаӊы заманга жараша жаӊы жолду таап бериши ыктымал.

Албетте, “билим берүү”- бул, мамлекеттин адам ресурсуна болгон камкордугу жана кызматы, ал эми  “билим алуу” адамдын ички каалоосу, ички талабы, ички мүмкүнчүлүгү. Эгер ушул экөө синтезделип, бириксе  гана,  эки тараптуу аракет паритеттүү болуу менен, жакшы ийгилик жаралмакчы. Буга чейинки бир жактуулук бүгүн адамдын тандоосун өзгөртүп, ушундай жаӊыланууну, паритеттүүлүктү күтүп калды.

 Бул айтылган идеялар мектепте, сабактагы аткарылуучу күнүмдүк методикалык гана иш-чаралардан эмес. Бул – мамлекеттик деӊгээлде ойлонуучу жана чечилүүчү маселе. Анткени бул туурасында КРнын “Уӊгужол” доктринасында да атайын белгиленген. Анда: “жащ муундарга билим берүүнүн методдорун гана эмес, анын максат, мазмун, өлчөм жана мөөнөттөрүнүн алыскы келечекти эске алуу менен кайра каралышы”; “билим берүүгө болгон даярдык менен билим алууга болгон даярдыкты бири-бирине дал келтирүү боюнча чаралардын иштелип чыгышы жана ырааттуу ишке ашырылышы” (“Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик “уӊгу жолу” доктринасы, Б., 2025, 15-б.) зарыл экени белгиленген. Байкалып тургандай, мындагы “алыскы келечекти эске алуу менен”, “билим берүүгө болгон даярдык менен билим алууга болгон даярдыкты бири-бирине дал келтирүү” иш-аракети жөндөн–жөн гана ишке аша калуучу нерселер эмес. Ал көптөгөн психологиялык, социалдык  жана педагогикалык комплекстүү иш-аракеттер менен  ишке ашышы ыктымал.

Демилгелүү билим алуу

Кандай болгондо да, демилгелүү билим алуу – бүгүнкү кыргыз коомун, анын келечегин, ар бир кыргыз атуулунун аӊ-сезимин өзгөртүүгө багытталышы керек. Анын себеби – кыргыз турмушу гана эмес, жалпы алганда, бүгүн адамзат ар ким өз аракети менен татыктуу жашоосу жана жан багуусу үчүн умтулуусу керек болгон  заманга келип кептелди. Бүгүн “ар ким мүмкүнчүлүгүнө жараша татыктуу жашоо, жашаш үчүн жашоого керектүү бир нерсени жасап жашоо жана жашаш үчүн ынтымакта бирге жашоо” (“Европа жаштары билүүгө тийиш болгон компетенциялар”, Ж.Тейлор) маселеси күн тартибине коюлуп отурат. Келечек ээлерин мына ошондой “өз алдынча татыктуу жашоо”, “өз алдынча татыктуу иштөө” жана “өз алдынча таттыктуу билим алуу” максаты, ага мектепке келген  кичинекейлерди ошол кичинекейинен тарта көнүктүрүү  маселеси – күндүн негизги маселесин айланды. Ошол үчүн жаӊы муунду демилгелүү билим алууга  тарбиялоо, ошол алган билими менен аны өнүктүрүү жана татыктуу жашоого үйрөтүү жолдорун табуу айдан ачык баалуулук  болуп калды.

Антпесе, кыргыз турмушунун мисалында эле алсак, учурда кыргыз жаштарынын ички керектөөсү — жакшы билим эмес, ыӊгайлуу мүмкүнчүлүк, кыйналбай жетишүү, комфорттуу жашоо, пристиждүү  кызмат, жеӊил жол менен акча табуу, материалдык жактан жетиштүү жашоо… ж.б. болуп калды. Ошонун натыйжасында  ”билим баалуу эмес, диплом  баалуу”, “адис баалуу эмес, кызмат баалуу”, “тарбия баалуу эмес, акча баалуу” … деген сезим орноп калган чакта, андай негативдерден арылып, татыктуу билим алып, татыктуу иштеп, татыктуу жашоо жолун тапкан баланы системалуу тарбиялоо Кыргыз мамлекетинин башкы максаты болуусу керек.

Бул эмне менен түшүндүрүлөт? Муну тээ төмөнтөн баштайлы: алсак, наристе бала төрөлгөн күндөн тартып, эненин камкордугу жана мээрими менен, эмчек сүтү менен ирденип өнүгө баштайт. Айлар өтөт, жылдар өтөт, эмчектен чыгат, аз-аздап тамакка аралашат, эненин колу менен берген тамакка алымсынбай, өз алдынча жегенге, өз алдынча тамак ичкенге өтө баштайт. Анан отуруп, эмгектеп, жөрмөлөп, андан соӊ, улууларга колун сермеп, бара-бара кас-кас туруп, алгачкы кадамын шилтеп, тике туруп басканга өтөт. Ошентип, бөбөк өз алдынча жашоо жолуна түшөт. Тиши чыгат, “чайнап берген тамакты жебей калат”. Өзүм жейм, өзүм алам, өзүм басам, өзүм кийем, өзүм… өзүм,- дей баштайт. “Андай кылбайм, мындай кылам” деп “кежирлене” баштайт. Алгач баарына макул болобуз, анан бара-бара алардын чексиз “каалоолоруна”, шоктугуна, чыдабай,  көнбөй, тартипке сала баштайбыз. Ошентип, бара –бара биз “тил алчаак болбой бараткан” баланы нормага  салып, эрежелер менен тыя баштайбыз.

 

БИЛИМ БЕРҮҮ ТЕХНОЛОГИЯСЫНАН- БИЛИМ АЛУУ ТЕХНОЛОГИЯСЫНА КАРАЙПедагогиканын алтын чабырасы

Андан ары бир нерсе үйрөнсүн, көнсүн, көнүксүн, мектепке даярдансын деп, бакчага беребиз. Бирок, бакчага барып көӊүлдүү келген бала өз алдынча сүрөт тарта баштаса, колго чаап, “альбомду булгайсыӊ, боёкту түгөтөсүӊ” деп тыюу салабыз. Өз алдынча ырдагысы келип кыӊылдап ырдай баштаса, “ырдаба”, “жолтоо болбо, укта, эртеӊ менен бакчага эрте барасыӊ” деп ырдоого да тыюу салабыз. Китепти өз алдынча ачып, карап ойноп, көтөрүп жүрсө, “кирдетесиӊ, айрыйсыӊ, ал дагы акчага келген” деп, колунан алып коёбуз.

Ал эми, мектепке бара баштаганда мугалимдин жетеги менен туруктуу окуу ишине көнүгүү жолуна жаңы түшкөндө, эркин өнүгүүсүн тыйып, “партага түз отур”, “мени кара”, “менин сөзүмдү ук”,  “китепти ал”, “ичин ач”, “сүрөттү кара”, “тамганы  оку”, “туура айт”,  “туура жаз”, “мен айткандай аткар”, “мен айтканды унутпа”, “колуӊду көтөрүп айтып бер”, “сүйлөшпө”, “тынч отур”, “муну жаттап кел”, “айтканды аткар”, “ушуну айтып берсеӊ”- “беш” деген көрсөтмөгө (установка)-буйрукка,  командага көнүктүрөбүз.

Мына ушундай командалар, буйруктар, баланы мектеп тартибине биротоло көнүктүрүп, стандартка салып, эрежелер менен тушап, акырында  “педагогиканын алтын чабырасына камап”,  андан  чыгарбай, “тил алчаак окуучуну” (профессор С.О.Байгазиев) калыптандырабыз.  Мындай  буйруктар бала жаӊыдан өз алдынчалуу ойлонуп аракеттенүүнү баштаган кезде, чоӊдордун эркине баш ийип жашоого мажбурлап,  өз каалоолору менен ырдагысы, окугусу, сүрөт тарткысы, ойногусу келген сыяктуу жаӊыдан башталган башталмаларын, эркин өсүүсүн, а дегенде  эле психологиялык жактан тыя баштайбыз.

Ошол командалар, ошол буйруктар, ошол чектөөлөр баланын психологиялык эркиндигин тыя баштайт.  Бала мугалим айтканды гана аткарган, элпек, шоктук кылбаган жөнтөк, ”адептүү” бала “тарбиялана” баштайт.  Ал ыкмалар баланын өнүгүүсүндөгү акыл-эстүү, зирек курагына чейинки  11 жылдык өмүрүн алуу менен коштоп жүрөт.

Демек, бала билим берүүнүн “камкор” жолуна биротоло көнүп, ошол жолго калыптанат жана “мугалимдин берген тапшырмасын аткаруу” деген стилге “цементтей катат”, өз алдынча билим алуу тууралуу дээрлик ойлонбойт. Мугалим сураса, жооп берет, сурабаса жүрө берет, такыр болбогондо, мугалим айтып бергенди өзүндөй кайталап айтып баа алат, же окуганын жаттап айтып берип мугалимдин “сурагынан” кутулат.

Жаӊы муундун талабы жана улуу муундун сабагы

Бул буйрукчул-командалык ыкма, совет кезиндеги көнгөн стиль: “Окуйсуӊбу? Окутам. Окубайсыӊбы? Зордоп окутам!” деген авторитардык педагогикалык стилдин дагы деле болсо өзгөрүүсүз сакталып келатышы. Ал ыкманы бүгүнкү күндөгү “баарын билгиси келген”, “баарын көргүсү келген”,  “баарын каалаган” “Z” муунуна колдонуп отурабыз. Ошонун өзүн учурда босогосунда турган “дүйнөлүк технологияны колдонуп жашоого багыт алган “альфа” муунунун балдарына да таӊуулап отурабыз. Бирок, биз бул эски технология жаӊы замандын талабына жараша өнүгүп бараткан балага туура келбей турганын билип турабыз, бирок аны өзгөртө албай келатабыз. А өзгөрүп бараткан заманга жараша баланы өзгөртүү үчүн, биз, ата-энелер да, мугалимдер да өзүбүз өзгөрүүбүз керек.

Бул өзгөрүү  эмнени билдирет?

Мында “альфа” муунунун шартына жараша эки нерсе өзгөчө экен: биринчиси- “жаӊы муундун талабы” жана экинчиси- “улуу муундун сабагы” (“Википедия” булагынан). Жаӊы “муундун талабы”- жаӊы технологиялар  менен жашоого биротоло өтүү, а “улуу муундун сабагы”- өзгөрүп бараткан муунга акыл-эс жана адеп-ыйман үлгүлөрүн берип үлгүрүү, акыл-насаатын айтып жетишүү, ар-намыс, абийир, уят, гуманизм деген ж.б. атуулдук сезимдерди үйрөтүп калуу. Ал үчүн, өрнөк көрсөтүүнүн психологиялык, уюштуруу-педагогикалык, мазмундук жана технологиялык жолдорун табышыбыз керек экен.

Ал үчүн, ири алдыда, билим берүүнүн “буйрукчул- командалык” ыкмасынан баш тартуубуз кажет. Баланын жан дүйнөсүндөгү өз алдынча билим алууга болгон башталмаларын өнүктүрүү, аны максаттуу жөнгө салуу, өз алдынча окууга багыт берүү, аны уюштуруу, ага көнүктүрүү, окуу аркылуу кызыктуу дүйнөгө жетелөө, “окууну кубанычка айлантуу” (В.А.Сухомлинский) сыяктуу психологиялык, уюштуруучулук жана технологиялык жолдорун издөөбүз керек. Бул иш-аракеттер сырттан “мугалимдин буйругу” менен эмес,  тетирисинде окуучунун өзү өзүнө ичинен “буйрук берип” окуусун уюштурууга көнүктүрүү менен түшүндүрүлмөкчү.

Окутуубу, үйрөтүүбү?

“Буйрук “ демекчи, мугалим кырк беш мүнөттүк бир эле сабагын, бери дегенде, 24 түрдүү буйрук берүү менен уюштурат экен. Окуучу анда бир күндөгү беш түрдүү сабакта беш мугалимдин ошончо түрдүү буйругун аткарат экен. Бир күндүн ичинде окуучу ошончолук буйрукту кантип аткарып жетишет? Жетишкен күндө да, окуучу өз алдынча качан иш аткарат? Буйрукту аткаруу менен  гана чектелген окуучуга өз алдынча ой жүгүртүп иштөөсүнө убакыт калабы? Буйрук аткарууга маш болгон окуучу качан өз алдынча ойлонуп иш кылууну үйрөнөт?…  Андай болсо, биз бул  метод менен окутуудан баш тартуубуз- замандын талабы экен.

Ошентсе дагы, биз күндө кечинде балдарыбыздан: “бүгүн канча баа алып келдиӊ” деп сурайбыз. Алар болгонун айтышат. Бизден жакшы маанай күтүп, алган жакшы бааларын айтат. Биз ал үчүн мактап коёбуз. А ошол эле учурда балдарыбыз “эмнени үйрөнүп жатышаканына” кызыкпайбыз. Жаныбызга отургузуп алып, көӊүлүн көтөрүп: “Кана бүгүн эмнени үйрөнүп келдиӊ? деп сурап, аӊгемелешпейбиз.

 Бул нерсе окуучу менен ата-эненин ортосундагы эле маселе эмес, ал бүтүндөй билим берүү системабыздын алдындагы маселе. Эгер анын туура эместигин, жеткиликсиз экендигин сезсек, анда аны өзгөртүүбүз керектигинин айгинелейт.  Бүтүндөй окутуу технологиябыздын жаӊырышы керектигин эске салат! Бул нерсе бүтүндөй билим берүү менен алектенген мугалимдерибизди, окумуштууларыбызды, методисттерибизди ойлонтуусу керек экенин каңкуулайт!

Бул нерсе окутуу  методикасы менен гана чектелбейт. Бул жерде билим алууга аӊ сезимдүү мамиле жасоону эске салат. Ал эмне? Ал окутуу гана эмес, үйрөтүү керектигин (профессор А.Алимбеков) эске салат. Үйрөтпөсөк, анда окутуунун эмне кереги бар? Окутуу – функционалуу жана жүйөлүү болсо гана максатына жетет жана бала үчүн пайдалуу болмокчу. Ал мектептин эле,  мугалимдин эле, окумуштуулардын эле ойлонуучу маселеси эмес, ал мүлдө кыргыз журтчулугунун,  “мен – кыргызмын”, “мен мугалиммин”, “мен –атамын”, “мен –энемин” деген адамдын ар бирин  ойлонто турган улуттук деӊгээлдеги маселе катары көтөрүлүүсү керек.

Ошондо гана ар бир кыргыз: “Мен баламды мектепке бердим, мектеп тарбиялайт”, “Мен баламды мугалимге бердим, мугалим окутат”, “Мен мектепке акча төлөп койдум, демек мектеп милдеттүү” деп, баласынын тагдыры үчүн өзүнүн жоопкерчиликтери алып аштоо,  же “Баламдын кийими бүтүн, карды ток” деп өзүнө -өзү ыраазы болуп отура берген убак бүткөндүгүнө ишенет. Балынын адам болуусу үчүн, анын келечеги үчүн – кийген кийими бүтүн, карды ток болуусу” жетишсиз. Ал абал улуу гуманист Ч.Айтматов айткандай:  “Кийген кийимине мактанып, ичкен ашына семирип, тоюп калды, ток пейил тартып калды дегендик- анын адамдык сапатынан кеткени дей бер” деген багыттан кайта электигибизди гана эске салат.

Мугалим –сабак берүүчү гана адам эмес…

Эгер, ата -эне бүгүн: “Менин балам жакшы адам болуп чоӊоюусу керек”. “Менин балам жакшы окуп, таалим-тарбия алышы керек”, “Менин балам өз алдынча, өз каалоосу менен окуп-үйрөнүүсү керек”, “Менин балам баарын өзү жасап көнүгүшү керек”, ”Менин балам чоӊоюп, элге-жерге  керектүү адам болушу керек”, “Менин балам чоӊоюп, Кыргызстанды өнүктүрүүсү керек”, “Ошол үчүн мен мугалимге ишенип баламды бердим” деп ойлоно баштаса- биз өзгөрө баштайбыз.  Демек, ар бир кыргыздын аӊ –сезими ушундай багытта өзгөрүүсү керек. Ошондо гана бизде стратегиялуу, келечектүү багытка өзгөрүү башталат.

А мугалим болсо, алдына келген окуучунун тизмесин тактап, келбегенин жоктоп, “диспетчерлик” кылуучу, үйгө берилгенди кайталап айтып беренин баалап, кайра тапшырма берип үйүнө кетирип, маалыматтуулугун текшерип “көзөмөлдөөчү”, анан ээн баштык кылса тартипке чакырып, ашынып кетсе тескеп туруучу “тартип сакчысы”  эмес, окуткан окуучусунун тагдырына жооптуу өзгөчө адам болуусу керек! Демек “мугалим –сабак берүүчү гана адам эмес, баланын тагдырын жасоочу устат” болуусу кажет!

Бүгүнкү технология менен гана иштеген мугалим балага минтип көрсөтмө берет: “ушуну аткарсаӊ, мыкты окуучу болосуӊ”, “менин айтканымдай болсоӊ, жакшы бала болосуӊ”, “минтпесеӊ, жаман бала болосуӊ” деп, ал ойго баланы байлайт. Анан мугалим, бирөөнө: “сен -үчтүк баласыӊ, ушуну жаттап келсеӊ, чейрегиӊе үч коём,  болду жыргап жүрө бер” деп, кайсы бирине: “сен мына бул жерди окуп,  эмне жөнүнө экени айтып бер, төрт коём, сен төрттүк баласыӊ да” деп чектеп, “маданияттуу түрдө” басынтып, (Ж.Хаббард) андан ары өнүгүүсүн чектеп, өнүгүүсүнө тосмо койгонун байкабайт. Бул технологияга көнгөн бала ошондой көрсөтмөлөргө көнүп алат: “Аа, ушундай кылсам эле болот тура” деп өзүн туура эмес жолго бекемдейт. Ошондон улам,  профессор И.Бекбоев айткандай: “көпчүлүк мугалимдер сабагын баштаарда, “Балага менин бүгүнкү сабагым эмнеге керек? Бала менин бүгүнкү сабагымдан эмнени алат? Мен балдарды эмнеге машыктырам?” деп ойлонбойт. Өтүлүүчү сабагынын баланын өмүрү, жашоосу жана адам болуусу үчүн эмнеге керектүүлүгүн болжобойт. Ошондон улам, мугалим бүгүнкү мезгилге жараша өзүнүн “мугалимдик функционалдуу сабаттуулугун” өзгөртүп, өнүктүрүп иштөөсү   тууралуу жакшылап  ойлонуп  чыгуусу, керексиз адаттардан арылуусу, керексиз ыкмаларды өз ишмердигинен алып таштоосу  талап кылынат.

Мен эмнеге мектепке келдим?

Эми, ушул биз сөз кылууга батынып отурган баланын “өз алдынча билим алуусун уюштуруунун”  маселелерин тууралуу сөзүбүзгө кезек берели.

Биринчиден, баланын өз алдынча билим алуусу, эӊ жөнөкөй адамдык мамилелерди таанып, керек жана керек эместерди билүүсү, жаман менен жакшынын айырмасын ажыратуусу, таза-тыкан жүрүүгө үйрөнүүсү, эӊ жөнөкөй мамиле жана жүрүм-турум этикасына көнүгүүсү турмуштук – жөнөкөй  эле кырдаалдардан жана психологиялык — педагогикалык шарттардан улам жаралары, ал бала бакчадан, 3-5 жаш курагынан эле (М. Ибука,“ Үч жаштан кийин кеч”, Б., 2015) башталары белгилүү.

Баланын алгач ирет китеп кармап, сүрөтүнө кызыгып, анын эмне экенин, эмне тууралуу экенин билгиси келип, жомок уккусу келген алгачкы башталмаларын улантуу, аны күн санап өркүндөтүү, алгачкы  каалоолорун жаратуу – балага жол ачат. Ал үч этапта, алгач бакчада түптөлүп, үйдө көнүктүрүлүп, андан мектепте өркүндөтүлүшү керек.

Бала сүрөт тарткысы келсе, тарта берсин, керектүү альбом, каалаганынча түр калем, боёктору болсун, мейли, колун, бетин, кийимин кошо боёп булгап алсын, иши кылса, аракетин уланта берсин, анан айрыкча, ата–энесинин туура багыт берүүсү, убагында оңдоп-түзөтүп туруусу, психологиялык колдоосу, жактыруусу, бааланып туруусу кажет.

Бала ырдагысы келсе ырдасын, ойногусу келсе ойносун, бийлегиси келсе  бийлесин, мейли качан, каерде болсун… Баланын мындай маданий-эстетикалык башталмаларынын өнүгүүсүнө чек коюлбасын. Ошондо балада: “өзүм окуйм, өзүм ырдайм, өзүм сүрөт тартам”…- деген каалоосу канааттандырылып, шарт түзүлүп, анан баарынан мурда, окуусуна, ырдап-бийлөөсүнө жана өнөр үйрөнүүсүнө  туура багыт берилиши, ал максаттуу уюштурулушу керек.

Тактап айтканда, бала мектепке келгенде өз алдынча мындай бүтүмгө аз-аздап даяр болушу кажет:

-Мен мектепке эмне үчүн келдим?

-Окуу мага эмнеге керек?

-Чоңойгондо жакшы жерде иштеп, жакшы жашаш үчүн эмне кылышым керек?

-А билим албай калсам, эмне болом?

-Билимдүүлөр кантип жакшы жашашат?

-Жакшы адам болуш үчүн кандай болушум керек?

А сабактын жүрүшүндө, окуучу алгачкы ийгиликсиздиктерден өтүп, андан  алгачкы ийгиликтерди жаратып, окуу ишине көнүгүп, жатыгып, бара –бара өз ишин өзү уюштурууга багыт алганда мындай максаттуу  башталмаларга көнүктүрүү кажеттиги келип чыгат:

-Мен мектепке окуш  үчүн келдим;

-Мен классыма кирдим;

-Мен азыр китебимди алам;

-Мен өзүм окуйм;

-Мен азыр дептеримди ачам;

— Мен өзүм жазам;

-Мен өзүм үйрөнөм;

-Мен өзүм тапшырманы аткарам;

-Мен өзүм жооп берем;

-Мен дүйнөдөгү эӊ билимдүү адамдардай мыкты адам болом…

Албетте, бул бир эле күндө ишке ашпайт. Албетте, биринчи чейректе башталса, экинчи чейректе үйрөнөт, үчүнчү чейректе көнүгөт, төртүнчү чейректе, бала бекемделет, моралдык жоопкерчилиги калыптанат. Эмне үчүн мектепке келерин, эмне үчүн окуурун, анын натыйжасын өзү ойлоно баштайт. Кийнки класстарда бул көндүм-эрежелер “билим алуунун алтын эрежесине” айланат”!

Ушундан улам кыргыздын “бешиктеги баланын бек болорун ким билет”, “ачыла эле сандыкта –бычыла элек кундуз бар” деген философиялуу накылдары эске түшөт. Ар бир кыргыз ата-эне менен мугалим кыргыздын ушул накылын руханий үлгү кылып, таяныч кылып, баланын көзүнөн, жүзүнөн, маңдайынан, сөзүнөн, мамилесинен келечектин образдарын издеп, таап, көрө биле мамиле жасап, анан япон мугалими сымал: “ушул бала чоӊойсо, мыкты адам болот, ушул бала чоӊойсо, Кыргызстандын өнүгүүсүнө кызмат кылат” деген изги тилек менен мамиле жасоосу сөзсүз башталат. Ошондо гана заман талаптарына жараша мектеп баласын өнүктүрүүнүн жаңы жолу ачылат.

Окуучунун эркин жадыбалы

Мындай психологиялык стимулдоочу талаптарды  ишке ашыруу -мектептерде  жаӊыча  уюштуруу шарттарынын аткарылышына көз каранды. Ал үчүн төмөндөгүдөй алгачкы  педагогикалык шартты сунуш кылгыбыз келет.  Ал — “Баланын эркин жадыбалы (расписаниеси)” деп аталат.

Ал кандай шарт? Ал мугалимдин биринчи эле күндөгү сабагынан башталат. Бул күнкү сабактын жадыбалын (расписаниесин) мугалим ирети менен тактага  көрүнөө жазып илип коёт. Анан балдардын маанайын сабакка буруп, мындай деп суроо салат:

-Балдар бүгүн биз кандай иштерди кылабыз:  жазабыз, ырдайбыз, эсеп чыгарабыз, ойнойбуз… Кайсынысынан баштайлы. Силер кандай десеӊер, азыр ошондой кылабыз. Ырдайбыз десеӊер, ырдоо сабагы, жазабыз десеӊер, Алиппе сабагы, эсептеп үйрөнөбүз десеӊер, математика сабагы болот…

Мындай эркин жадыбал (расписание) кенже курактагы балдаргө өтө жагат. Алар  маанайларына жараша иш кылгысы келет. Көӊүлүнө жаккан иш-аракетти аткаргысы келет… Ырдагысы келсе- ырдоо сабагы болот, ойногусу келсе- ден тарбия сабагы, жазгылары келсе-Алиппе сабагы ж.б. болот… Мына — эркин жадыбал! Мугалим ага көнөт. Мугалим баланын эӊ жакын досуна айланат. Мугалим менен окуучулар сырдаш болот. Сабакта — бири – буйрук берүүчү, бири –буйрук аткаруучу деген ролдук партнёрлор эмес, өнөктөш, биргелешип, кеӊешип иштөөчү бир командага айланат.

Андай шарттар баланын өз маанайына жараша иштеп калыптануусуна,  өз ишине өзү жооп берип, өз ишин уюштуруп, жасаган ишине  жоопкерчиликтүү болуусуна тарбиялайт. Бул- психологдордун “сабак тарбиялайт” деген акылман сөзүнүн башталышына жол ачылат.

Албетте, бул айтылган ойлор жана жүргүзүлүүчү иш-аракеттер  мындан ары кеп улоочу  “буйрукчул-командалык билим берүүдөн – өз алдынча демилгелүү билим алууга” деген технологянын психологиялык гана өбөлгөлөрүнөн болмокчу. Ал эми, “уюштуруу-педагогикалык”, “методикалык-технологиялык” көйгөйлөрү —  алдыда.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер