БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНЫН ЧЫГААНЫ  

  • 13.05.2024
  • 0

   

 

 

БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНЫН ЧЫГААНЫ  Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагына эмгек сиңирген ишмери, “Билим берүүнүн мыктысы”, учурда Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Усеналиев Марат Джолдошбекович 60 жашка чыкты.  Ушундан улам Марат Усеналиевдин өмүр баяны жөнүндө учкай кеп кылсак деп турабыз.

Марат Усеналиев 1964-жылдын 9-майында   Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Ак-Түз айылында төрөлгөн. Ал 1981-жылы орто мектепти аяктаган соң, Кыргыз Улуттук Университетинин тарых факультетине тапшырып, 1986-жылы аталган окуу жайдын тарых мугалими адистигине ээ болгон.

Окуу жайды аяктаган соң, эмгек жолун 1986-жылы Пржевальск (азыркы Каракол) шаарындагы №10 М.В. Ломоносов атындагы орто мектебинде коом таануу, тарых жана музыка мугалими болуп эмгектенүүдөн баштаган. Квалификациялык мыкты сапаттарын, уюштуруучулук жөндөмүн көрсөтө билген катардагы мугалим эки жылдан соң Чолпон-Ата шаарындагы А. Осмонов атындагы орто мектебине директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болуп дайындалат.

1992-1995-жылдары Ысык-Көл райондук кеңешинде, Ысык-Көл райондук администрациясында жана Ысык-Көл райондук Калкты социалдык коргоо башкармалыгында инспекторлук кызматтан баштап, башкармалыктын башчысы кызматына чейин жогорулаган.

Өзүнүн билимин жогорулатуу максатында башкаруунун менеджменттик билимдерин тереңдетүү үчүн 1998-2000-жылдары Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн алдындагы Москва социалдык-экономикалык илим боюнча жогорку мектебин окуган. Жогорку мектепти аяктаган соң, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Социалдык кепилдиктер саясаты башкармалыгынын башчысы, андан соң мамлекеттик төмөнкү Чүй аң сезиминин өнүгүүсүнөн артта калган балдар  жатка мектебинин директору болуп эмгектенди. Билим берүү жана илим министрлигинде эмгек жолу 2006-жылы башталып, 2008-жылга чейин  аталган министрликтин Мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы кызматын аркалаган.

Андан соң, 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү борборунун директору, Бишкек шаарындагы кесиптик-техникалык билим берүү боюнча башкармалыгынын башчысы болуп иштеген. 2010-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында социалдык бөлүмүндө, андан кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында эмгектенди.

Кайрадан 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп дайындалып, ал кызматты 2023-жылдын март айына чейин аркалады. 2023-жылдын март айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматында эмгектенип келе жатат.

Ал билим берүү тармагында иштеген убактыда өзүнө мол тажрыйба топтой алды. Коомчулукта беделдүү кадыр баркка ээ жана билим берүү тармагында жасалган реформалардын бир тобуна катышып, бир нече демилге көтөрүп, мамлекеттин билим берүү тармагынын жанданышына, инновациялык жаңылануулардын калыптанышына, колдонулушуна чоң салымын кошо алды десек жаңылышпайбыз.

Мындан тышкары өзүнүн билимин жогорулатуунун үстүндө да иштеп, ар дайым билимин өркүндөтүп, замандан артта калбады. Айта кетсек, Марат  Усеналиев (MBI Улуу Британия) Манчестер университетинин магистри, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 1-класстагы кеңешчиси жана Кыргыз Республикасынын «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисинин ээси.  Ошондой эле ондогон сыйлык, Ардак грамоталар менен сыйланган.

Марат Усеналиевди 60 жаш юбилейлик кутман курагы менен чын дилден куттуктайбыз!   Мындан ары да келечек муунду тарбиялоодо, бул багытта дасыккан адистерди даярдоодо өз салымыңызды кошо бериңиз.  Сизге чың ден соолук,  узак өмүр, ишиңизге албан ийгиликтерди каалайбыз!

“Кут Билим” гезитинин эмгек жамааты

Бөлүшүү

Комментарийлер