БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН КАРЖЫЛОО ИДПнын 7%ын ТҮЗДҮ
- 29.01.2024
- 0
Акыркы үч жылда билим берүү тармагына мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, билим берүүгө каралган каражаттардын динамикасы өстү.
Алсак, 2021-жыл билим берүү жана илим тармагын каржылоо үчүн 40,7 млрд. сом бөлүнүп, ички дүн продукциянын 5,6 % ын түзгөн. 2022-жылы – 63,2 млрд. сом же ички дүн продукциянын 6,9 % ы, ал эми 2023-жылы – 75,8 млрд. сом же ички дүң продукциянын 7 % ы.
Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдагы бюджетинин 38,6 млрд сому
мектеп, интернаттар, балдар үйлөрүнө жумшалды.
Ал эми калган багыттар боюнча чыгымдар:
- Бала бакчаларга – 7,8 млрд сом;
- Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарына – 2,2 млрд сом;
- Орто кесиптик билим берүү уюмдарына — 788,3 млн.сом;
- Жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына – 12,9 млрд сом;
- Илим уюмдарына – 220,4 млн.сом;
- Башка тармактагы уюмдарга – 3,0 млрд сом.
Бөлүшүү
Комментарийлер