Билим берүү ресурстарын жогорулатуу программасы
- 10.10.2024
- 0
9-октябрда Бишкек шаарындагы №62 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинде “Мектептердин инфраструктурасы” автоматташтырылган маалыматтык системасы (АМС) программасын тестирлөө башталды. Бул Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүргүзүлдү.
Аталган программанын максаты мектеп инфраструктурасы боюнча маалыматтарды чогултууга, сактоого жана анализдөөгө багытталган. Бул мектеп мүлкүнүн эсебин жакшыртууга, ресурстарды ачык пайдаланууга жана аларды бөлүштүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, система маалыматтардын кайталанышын жоюуга, адам ресурстарын жана убакытты үнөмдөөгө жардам берет.
Программанын артыкчылыктары коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана финансылык ресурстарды муктаждыгы көбүрөөк болгон мектептерге берүүгө өбөлгө түзөт. Система мектептердин имараттары, класстык жабдуулары, аянттары, компьютерлери жана башка структуралык элементтери жөнүндө маалыматтарды сактайт.
№62 мектеп-гимназиясында программаны тестирлөө – бул Кыргызстан боюнча мектептердин инфраструктурасын санариптештирүүнүн алгачкы кадамы. Кийинки этап – программаны 100 мектепке киргизүү, андан кийин өлкөнүн бардык мектептерин камтуу. 2024-жылдын аягына чейин программа Кыргызстандын ар бир мектебинде толук ишке киргизилет.
Иштеп чыгуучу жана техникалык колдоо — Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.
Комментарийлер