БИЛИМ БЕРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ АЛТЫ СЕКЦИЯДА ТАЛКУУЛАНАТ
- 18.08.2025
- 0
Ош шаарында өтүп жаткан республикалык август форумунда 12 жылдык мектепке өтүүдө жаралган маселелерге алты секциялык иште ар тараптуу баа берилет.

Белгилүү болгондой, Агартуу
министрлиги билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатуу, бардык балдар үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу жана коопсуз, өнүктүрүүчү чөйрөнү түзүү
максатында мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча иштерди улантууда.
Ушул иштердин алкагында август форумунда «Мектепке чейинки билим берүү системасынын ченемдик-укуктук базасындагы маанилүү өзгөрүүлөр» темасында мастер-класс өтүүдө.
Бул мастер-класстын жүрүшүндө төмөнкү: 2024–2025-жылдары күчүнө кирген жаңы ченемдик-укуктук актылар; бардык менчик формасындагы мектепке чейинки уюмдардын ишин жөнгө салуудагы негизги өзгөрүүлөр; укуктук практиканын өзгөчөлүктөрү; жаңыланган талаптарды
жер-жерлерде ишке ашыруу боюнча сунуштар ар тараптуу талкууга алынат.
Уюштуруучулардын айтымында бул иш-чаранын максаты мектепке чейинки уюмдардын жетекчилеринин жана педагогдорунун, жергиликтүү билим берүү башкармаларынын өкүлдөрүнүн укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, ошондой эле системанын бардык деңгээлдеринде өз ара карым-катышты күчөтүү болуп саналат.
Бул күнү Агартуу министрлиги «Жаңы мамлекеттик билим берүү стандарты: максаттар, принциптер, ишке ашыруу механизмдери» темасында тематикалык секцияны да өткөрөт.
Секцияда Таштан Эрматов
атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун директору Уланбек Мамбетакунов баяндама менен чыгып, ал өзүнүн баяндамасында негизине жаңыланган мамлекеттик
билим берүү стандартынын негизги максаттары жана артыкчылыктуу багыттары; стандарттын түзүмү жана негизги мазмуну; иш жүзүндө ишке ашыруу механизмдери; баланын потенциалын өнүктүрүү жана негизги көндүмдөрдү калыптандыруу маселелерине токтолот.
Баяндамачынын пикиринде жаңы мамлекеттик стандарт мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоого, ошондой эле өлкөнүн адамдык капиталын өнүктүрүүдө баланын эрте өнүгүүсүн күчөтүүгө багытталган.
Август форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Агартуу
министрлиги мектепке чейинки курактагы балдардын келечекке керектүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө арналган тематикалык сессияны уюштурат.
Анын жүрүшүндө мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде көп тилдүү чөйрөнү түзүү аркылуу жумшак,
адаптациялык жана коммуникативдик көндүмдөрдү калыптандыруунун негизги
аспектилери каралат.
Көп тилдүүлүктү колдоого багытталган педагогикалык ыкмалар; тилдерди
интеграциялоонун практикалык мисалдары; 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө даярдык боюнча сунуштар бул секциядагы талкуунун чордонунда болмокчу.
Мектепке чейинки куракта жумшак көндүмдөрдү калыптандыруу – тез өзгөрүп жаткан коомдо ийгиликтүү
социалдашууга жана атаандаштыкка жөндөмдүү жарандарды даярдоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Ош шаарында педагогдордун
салттуу Август конференциясынын алкагында мектепке чейинки билим берүү системасына инновациялык ыкмаларды киргизүү маселеси өзүнчө тематикалык секцияда талкууга алынат.
Анда балдардын эрте өнүгүүсү темасын
изилдеген адистер баяндамалар менен чыгышат.
Индира Дууланова «STEAM-чөйрөсүндө балдардын сөз өнүгүүсү» деп аталган баяндамасында окутуу алкагында баланын тилдик жана ой жүгүртүү жөндөмдөрүн бирдикте өнүктүрүүгө багытталган интеграциялык ыкмаларды сунуштаса, №35 бала бакчанын башчысы Динара Досматова «Балдар менен иштөөдө этностем технологиясын колдонуу» темасында баяндама жасайт.
Бул баяндамада көтөрүлчү
этностем — этномаданий өзгөчөлүгүнө ээ болууга жана таанып-билүү көндүмдөрүн
өркүндөтүүгө багытталган уникалдуу педагогикалык ыкма катары каралат.
Кыргызстандын педагогдорунун салттуу
Август форумунда – 12 жылдык
билим берүүгө өтүү шартындагы баалоо системасы жана «Баалоо» улуттук
программасынын жыйынтыктары тууралуу да сөз болот.
Анда баалоо системасынын төмөнкү: Кыргыз Республикасында жаңы
баалоо модели: критерийлик жана формативдик баалоону киргизүү, системалуу текшерүү иштерин өткөрүү, 4 жана 8-класстардагы улуттук мониторингдер, жыйынтыктоочу мамлекеттик экзамендер жана жогорку класстардагы сертификация маселелерине саресеп салынат.
«Баалоо» улуттук программасындагы
бардык аймактардагы жана окутуу тилдериндеги 4 жана 8-класстын окуучуларын камтыган билим берүүнүн сапатын тышкы изилдөөгө басым жасалып, алгачкы жыйынтыктар санарип форматында көрсөтүлүп, региондордун, шаардык жана айылдык мектептердин, мамлекеттик жана жеке билим берүү уюмдарынын ортосундагы олуттуу айырмачылыктар ачып берилет.
Талкууда мектепке чейинки уюмдардан
тартып жогорку окуу жайларга чейин формалдуу билим берүү деңгээлинде мониторинг жана баалоо жүргүзүү, учурдагы баалоо системасынын көйгөйлөрү: пландалган окуу натыйжалары менен баалоо практикасынын дал келбестиги, беш баллдык шкаланын чектелгендиги, объективдүү инструменттердин жетишсиздиги кабарланат.
Ошондой эле натыйжалары төмөн мектептерди колдоо, мониторинг үчүн санариптик куралдарды жана платформаларды киргизүү зарылдыгы,
мугалимдердин квалификациясын
жогорулатууда функционалдык сабаттуулукка, санариптик педагогикага жана заманбап методикаларды колдонууга өзгөчө көңүл буруунун маанилүүлүгү, санариптик көндүмдөрдү, сынчыл ой жүгүртүүнү жана билим берүүдөгү гендердик теңчиликти эске алуу менен предметтик стандарттарды жаңылоо зарылдыгы сыяктуу сунуштар берилмекчи.
Бул демилгелер билим берүүнүн натыйжаларын адилеттүү жана
объективдүү баалоого өбөлгө түзүп, окуучулардын мотивациясын жогорулатууга, мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүн колдоого багытталган.
Секциялык иштерде Кыргыз Республикасында 12 жылдык
билим берүүгө өтүүдө кошумча
билим берүү уюмдарынын ролу жана катышуусу да көңүл сыртында калбайт.
Секциянын ишине өлкөнүн бардык аймактарынан кошумча билим берүү уюмдарынын директорлору жана педагогдору, ошондой эле эстетикалык жана кошумча билим берүү тармагындагы алдыңкы адистер катышат.
Секцияны «Балажан» Республикалык эстетикалык тарбиялоо окуу-усулдук борборунун директору, педагогика илимдеринин кандидаты Д. С. Мусина ачып, «Балдардын кошумча билим берүү программаларын мектептин билим берүү саясатына интеграциялоо механизмдери: тажрыйба жана перспективалар» аттуу аналитикалык баяндама жасайт.
«Бүгүн кошумча билим берүү уюмдары мектептин стратегиялык өнөктөшүнө айланууда: алар балдарга чыгармачылыкка, социалдашууга жана кесиптик өз багытын табууга мүмкүнчүлүк түзөт»,- дейт Дарья Мусина.
Бишкектеги “Сейтек” балдарды эстетикалык тарбиялоо боюнча республикалык борборунун директору Э.В. Латыпов биз менен болгон маегинде
«Кошумча билим берүү программаларын интеграциялоо — бул жогорку
класстагы окуучулардын жеке кызыкчылыктарын эске алып, аларды профилдик окутууну аң-сезимдүү тандоого даярдоого мүмкүнчүлүк берет» деген пикирин билдирди.
Долбоордук жана ийримдик ишмердүүлүктүн профилдик окутууга даярдоодогу ролуна «Алтын түйүн» инженердик академиясынын директорунун орун басарынын милдетин аткаруучу Н.Т. Жогаштиев токтолмокчу.
Региондордон келген тажрыйбаларды Лейлек районунун «Баластан» борборунун директору Н.Э. Туркбаева жана Токмок шаарынын Балдар чыгармачылык борборунун жетекчиси Т.Н. Полосина айтып беришет.
Бул күнкү секциянын иши баянмадалар менен катар кейс-сессиялар, чакан топтордо интерактивдүү талкуулар жана кадрдык, программалык жана методикалык даярдык маселелерине арналган тегерек стол форматында өтүп, аналитикалык баалоолорду, практикалык мисалдарды жана эксперттик сунуштарды бирдиктүү талкуу аянтчасына айкалыштыруу жүрүүдө.
Ошентип, бул күнкү секцияларларда катышуучулар август форумунун
резолюциясына киргизиле турган бир катар сунуштарды иштеп чыгышат. Алардын арасында — кошумча билим берүү программаларын мектептик окутууга интеграциялоонун нормативдик механизмдерин бекемдөө, мугалимдерди системалуу методикалык колдоо, улук класстын окуучулары үчүн долбоордук жана изилдөөьиштерин активдүү колдонуу, ошондой эле региондор аралык тажрыйба алмашууну уюштуруу сунуштары бар.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер