БИЛИМ БЕРҮҮ ИНФРАСТРУКТУРАСЫ: ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ ЖАНА ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

  • 19.03.2026
  • 0

Кыргызстанда билим берүү тармагын жаңылоо жана кеңейтүү иштери ырааттуу уланууда. 2026-жылы республикалык бюджеттин жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен 200гө жакын социалдык объекттин курулушун аяктоо пландалууда. Анын ичинде Бишкек шаарында 20, Ошто 10, Манаста 6 жаңы мектеп пайдаланууга берилмекчи. Ошондой эле Сауд өнүктүрүү фондунун алкагында Бишкекте 5 мектеп жана 7 окуу корпусу, Чүй облусунда 2 мектеп курулууда.

Акыркы жылдары бул багытта олуттуу жыйынтыктарга жетишилди. 2021–2025-жылдары өлкө боюнча 673 билим берүү объектиси курулуп же реконструкциядан өттү. Алардын ичинен 394ү жаңы мектеп, 147си бала бакча болсо, 132 объект капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Жыл сайын мектептер менен бала бакчалардын саны көбөйүп, билим алууга шарттар жакшыртылып жатат.

Мектепке чейинки билим берүү да өзгөчө көңүл борборунда. Акыркы жылдары бала бакча менен камсыздоо көрсөткүчү кыйла өсүп, 2025-жылы 51 пайызга жетти. Учурда республика боюнча 2 344 бала бакчада 320 миңден ашуун бала тарбияланууда. Кошумча топтор ачылып, кыска мөөнөттүү бала бакчалар жана өнүктүрүү борборлору ишке киргизилди. Мындан сырткары, ваучердик каржылоо сыяктуу жаңы механизмдер киргизилип, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына колдоо көрсөтүлүүдө.

Жалпысынан билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү – мектептердин санын көбөйтүү менен чектелбестен, сапатты жогорулатууга жана жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган. Бул багыттагы иштер токтобой уланып, 2026-жыл билим берүү системасын модернизациялоодо дагы бир маанилүү баскыч болору күтүлүүдө.

(Б.К. «КБ»)

Бөлүшүү

Комментарийлер