БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ЖАҢЫ ЫКМАЛАР ТАЛКУУЛАНДЫ
- 31.03.2026
- 0
31-мартта Нарын облусунда билим берүү тармагындагы жаңы ыкмаларды жайылтууга багытталган көчмө семинар өттү. Иш-чараны Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” мамлекеттик мекемеси уюштуруп, ага билим берүү уюмдарынын жетекчилери, так жана табигый илимдер боюнча мугалимдер, ошондой эле китепканачылар катышты.
Семинардын негизги максаты — билим берүү кызматкерлеринин өз ара тажрыйба алмашуусун камсыз кылуу, жаңы муундагы окутуу ыкмаларын талдап, аларды практикага киргизүү, ошондой эле окуу китептерин окутуу процессинде натыйжалуу колдонуу жолдорун жайылтуу болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө теориялык билимдер практикалык тапшырмалар менен айкалыштырылып, катышуучулар үчүн интерактивдүү форматтагы окуулар уюштурулду. Мугалимдер жаңы билим берүү стандарттары боюнча өз билимдерин тереңдетсе, китепканачылар китеп окууну жайылтуу, фондду туура сактоо жана эскирген адабияттарды эсептен чыгаруу тартиби тууралуу маалымат алышты.
Мындан тышкары, китепкана ишин заман талабына ылайык уюштуруу, окурмандардын кызыгуусун арттыруу жана билим берүү мекемелеринде окуу маданиятын калыптандыруу боюнча заманбап ыкмалар сунушталды.
Семинардын алкагында тажрыйбалуу педагогдор эксперт катары чыгып, окуу материалдарын жакшыртуу боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, практикалык сунуштарын беришти. Катышуучулар мындай форматтагы иш-чаралар билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана жаңы ыкмаларды тез өздөштүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Жыйынтыгында, көчмө семинар билим берүү кызматкерлеринин кесиптик өнүгүүсүнө салым кошуп, заманбап окутуу ыкмаларын аймактарда кеңири жайылтууга багытталган маанилүү аянтча болду.
Нурлан КЫДЫКОВ, «Кут Билим»











Комментарийлер