БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ БАШКЫ БАГЫТТАР ЖАНА МИЛДЕТТЕР
- 06.10.2023
- 0
Жогорку Кеңеш Догдуркүл Кендирбаеваны Кыргызстандын билим берүү жана илим министри кызматына бекитти. Бул чечим 5-октябрь Мугалимдердин эл аралык күнүндө кабыл алынганы өзүнчө бир символикалык мааниге ээ. Жаңы министрдин Жогорку Кеңештеги талкуу убагында билим берүү тармагын өзгөртүп өнүктүрүү боюнча ортого салган омоктуу ойлору коомчулукта кызуу талкууну жаратууда. Кеп аларды туура түшүнүп, туура чечмелөөдө турат. Эмесе, билим берүүнүн жаңы лидери биринчи кезекте көңүл буруп жаткан багыттарга жана милдеттерге өз-өзүнчө токтоло кетсек.
Өлкөнүн тагдыры мугалимдердин колунда!
Догдуркүл Кендирбаеванын терең ишениминде, өлкөнүн эң башкы байлыгы – балдар! Кыргызстандын Конституциясында да ушинтип айтылат. Мугалимдер балдарга татыктуу билим берүүгө чакырылган. Өлкө президенти Садыр Жапаров да мугалимдерди ар тараптан колдоп жатат. Биринчиден, мектепте иштеген агай-эжейлердин айлык маяналары жогорулады. Экинчиден, акыркы кездерде мугалимдерди техникалык окутуу каражаттары менен камсыздоо жакшырды. Үчүнчүдөн, мамлекет тарабынан мугалимдердин кесиптик деңгээлин көтөрүүгө аз эмес акча сарпталууда. Демек, педагогдор кесипкөйлүгүн арттырып, өзүнүн үстүнөн көп иштеши керек. Ар бир мугалим жаңылыкка жакын болуп, жаңыланууга ачык болууга тийиш!
Ачык сабактар келген комиссияларга, ар кандай текшерүүчүлөргө эмес, баарынан мурун окуучуларга багытталууга тийиш! Мугалимдин күнүмкү сабагы – ачык сабак экенин унутпашыбыз керек!
Ата-энелер мектептерге өнөктөш болсун
Президенттин Жарлыгы менен мектептеги ата-энелер фонддору жоюлду. Мамлекет мындан ары мектепке кеткен чыгымдын баарын өз мойнуна алды. Бирок ушуну менен эле ата-энелердин билим берүү ишине катышуусун чектеп коюуга болбойт. Мындан ары мектеп менен ата-энелердин, коомчулуктун өнөктөштүгүнүн натыйжалуу жолдорун издешибиз керек. Мисалы, жакынкы, алыскы өлкөлөрдө ыктыярчылар эки саатка мектепке келип, жасаган ишине акы албай, класстагы мугалимге жардам берет. Ыктыярчылардын көбү – мурунку мугалимдер. Биз дагы ыктыярчылык ишти колго алууга тийишпиз. Ата-эне кантип эле айына бир жолу кезек менен келип, мугалимге жардам бербесин!
Мындай жардам айрыкча башталгыч класстарда абдан зарыл. Кезметчи ата-эне мугалимге балдарды сабакты баштоодо, окуу куралдарын алып чыгууда, көрсөтмө куралдарды ирети менен доскага илүүдө, балдарды ашканага алып барууда жана башка зарыл учурларда жардам бере алат.
Билим берүү министрлиги бир да
орус классын, орус мектебин жаппайт!
Акыркы маалыматтарга таянсак, өлкөдө 800дөн ашуун мугалимдер жетишпейт. Булардын көбү орус тилдүү класстары бар мектептерге, ошондой эле орус тилдүү мектептерге тиешелүү экени белгилүү. Ата-энелердин суроо-талабы менен айыл жерлеринде ачылган орус класстарындагы билим сапаты талапка жооп бербейт. Ал жердеги кырдаал “Чтение деген кайсыл сабак?” десе, “Черчение болсо керек” деген жоопко окшош. Тилди билген адис жоктугунан өзүнчө үчүнчү тил чыгарып алып окутуп жатышат. Ушундай арабөк класстарды жабуу жөнүндө сөз. Бул орус тилине карата дискриминация эмес! Бул мектептердеги билим сапатын жакшыртуу аракети!
Эне тил мектептерин өнүктүрүү – башкы багытыбыз
Өнүккөн мамлекеттерде тил маселеси кандай чечилген? Мисалы, ошол эле Америка Кошмо Штаттарында Америка коомун бириктирген бир эле англис тили бар. Германияда бул милдетти жалгыз немис тили аткарса, Түркияда түрк тили, Японияда япон тили билим берүүнүн тили болуп саналат.
Бул өлкөлөрдө балдар төрөлгөндөн тартып өз эне тилинде билим-тарбия алышат. Биз да ушуну колго алышыбыз керек! Эгемендүү Кыргызстандын келечеги болгон балдар сөзсүз түрдө башталгыч класстарда эне тилинде билим алууга милдеттүү. Эне тили – Мекенди сүйүүнүн, мекенчил болуунун башаты! Ошон үчүн, биз, агартуучулар, өлкөдө кыргыз тилиндеги билим берүүнүн сапатын жакшыртыбыз керек!
Илимий иштердин санына эмес,
сапатына көңүл бурсак
Кыргызстан дүйнөдө окумуштуулардын саны боюнча эң алдыңкы сапта турат. Буга, албетте, сыймыктана алабыз. Ошол эле учурда илимий ачылыштардын саны боюнча эң артта калып келебиз. Бул абдан өкүнүчтүү көрүнүш! Демек, бизде илимий иштердин сапаты жакшы эмес. Башка илимдерди айтпаганда да, жалгыз педагогика жаатында 800дөн ашуун илим кандидаттары, илим докторлору бар туруп, алардын мектепке, дегеле билим-тарбия ишине кошкон салымы сезилерлик болбой жатат. Мектепте иштеген практик мугалимдер “Бул илимпоздун эмгегине, идеясына, ачылышына таянып иштеп жатам” деп айта алышпайт. Анткени бизде дагы деле илим өзүнчө, мектеп өзүнчө жашап жатат. “Беш манжа бөлөк, билек бир” дегендей, мектеп, илим, ата-эне, мугалим, жалпы коомчулук бир багытта иштей турган мезгил келди!
Чамдайлы, замандаштар!
ЖРТ — жазалоо инструменти эмес!
Азыр ЖРТ жыйынтыгына жараша жазалоо кирди. Бул туура эмес! ЖРТга даярдоо өзүнчө бизнеске айланды. Бүтүрүүчүлөрдүн бир тобу беш-алты ай, кээде бир жылга чукул убактысын ЖРТга даярданып өткөрүүдө. ЖРТнын түпкү максаты эмне? ЖРТ – жогорку окуу жайга кирүүдөгү коррупцияны ооздуктоого багытталган уникалдуу долбоор! Кыргызстанда ал өзүн толук актады. Элдин да ага ишеними чоң.
Бизде окуучулардын билим сапатын баалоочу башка тесттер да бар. Мисалы, мурунку НООДУ тестирлөөсүнүн ордуна 4-8-класстардын окуучуларынын тексти окуу, түшүнүү, математика жана табигый илимдердин негиздери боюнча билимдерин баалоочу Улуттук “Баалоо” программасы кирди. Бул программа окуучулардын өз эмоцияларын башкаруу, чыр-чатактардан чыга билүү, айлана-тегеректегилер менен позитивдүү мамиле куруу көндүмдөрүн баалайт.
Мындан тышкары, биз Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык PISA сынагына катышып келебиз. Бул программа “15 жаштагы окуучулар азыркы коомдо толук кандуу жашоого даярбы?”, “ Башкалар менен мамилеше, баарлаша алабы?”, “Бул үчүн өспүрүмдөргө кандай көндүмдөр керектелет?” деген суроолорго жооп берип, башкача айтканда, окуучулардын функционалдык сабаттуулугун, мектепте алган билимин практикада колдонуу жөндөмүн жана балдардын коомдо өз алдынча жашоого даярдыгын баалайт. Кыргызстан бул изилдөөгө эки жолу (2006-жылы жана 2009-жылы) катышып, эң акыркы орунда калган. Кийинки PISA сынагы 2025-жылы болмокчу. Ушуга жакшы даярданышыбыз керек!
А.АЛИБЕКОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер