БИЛЕГИБИЗ МИҢ БОЛСО ДА, ТИЛЕГИБИЗ БИР БОЛСУН!
- 20.12.2024
- 0
“Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана Президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 271 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, бүгүн, Бишкекте шайланып келген 700 депутат жалпы жыйынга чогулушту. Курултайды КР Мамлекеттик катчысы С.Касмамбетов ачты. Анда эмесе, көңүлүңүздөдү мамкатчынын сөзүнө буралы!
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы
С.Касмамбетовдун сөзү
«Улуу жыйынды, Улуттун сөзү менен ачкым келди! Калк айткандай: качырлардын арасында тулпар калып, каргалардын арасында шумкар калып урунду, беринди, оомалуу, төкмөлүү, 33 жылды башыбыздан өткөрдү, көр оокат, майда бараттан алыс болуп, көпчүлүктүн көйгөйүнө калыс болуп, калк назарына толгон, жолборстун жолунан, илбирстин изинен адашпайт деп, келечекке кербендин жолун көргөзгөн, көпчүлүктүн батасын алып келген сиздерди, чын жүрөктөн куттуктаймын!
Бүгүн улуу сарайда көсөмдөрдүн өзүнө эмес, сөзүнө баа берген, 7 миллиондон ашык элдин ичинен 700 мыктысы, жакшысы, чыгааны, бир эмес эки тепкичтен өтүп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бөлүнгөн квотага ылайык, аймактардан, чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан жана этностук өкүлчүлүктөн Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө жобого ылайык шайландыңар!
Бүгүн дагы Кыргыздын Турар акыны айткандай: аргымактын жанында — эшек жаткан, кызыл гүлдүн жанында – тезек жаткан кырдаал, улут уңгусуна шек келтирген, кески кептер көп болбосо дагы, аз эмес.
19 кылымдын экинчи жарымында Кочкордун Чекилдегинин түзүндө өтүп уламышка айланган, Курултайда Бирназар бийдин: “Билегибиз миң болсо да, тилегибиз бир болсун! Тирелишип туралы! Чоктой чогу бололу” — деген сөзү…
Садыр акенин: “Мал багаарлар менен жан багаарларын айылга калтырып, эл багаарларды өстүрөлү деген тилеги…”
Алайдын, аты жетпеген жерге — каты жеткен, жалдуунун түгү, жамы журттун сүрү болгон, Алымбек датканын: “Журт уютуп, жумуру болуп, биригели!” деген чакырыгы. Шабдан баатырдын: “Базар куруп, баа бычып, элдин курсагы ток, кийими бүтүн болсун, тегерек четтен калбайлы!” деген мүдөсү…
Улуттун алгачкы агартуучусу Молдо Нияздын: Чырпыкты сындырып, чыбыкты жылдырып, балдарга чийме, теңдеме эсеп-чот, эл таануу, жер таануу, мал багуу, өнөргө үйрөткөн эки куржун сабактары. Бүгүн да, күчүн жоготпой жаңырып турат! Ал эми эмдиги жылы 200 жылдыгы белгилене турган алп акын Арыстанбек бабабыздын 6 сабы арабызды араласын: “Кайратын тоону бузса да, кашыгы көлдү сузса да, оозуңдан чыккан сөзүнө, зоо куланып учса да, эл менен сен адамсың, элден чыксаң жамансың” — дегени дагы эле болсо, төбө чачыңды тик тургузат.
Көч үстүндө төрөлүп, ат үстүндө өлгөн, баркынан дагы наркын бийик туткан, суу сураса, сүт эмес, каймак куйган, жада калса жылаанга да жылуу сөз айтып, артынан ак чачкан касиетүү шайык эл экенбиз!
Урматтуу делегаттар!
Элдик Курултайдын регламентинде “Жалпы жыйынды Элдик Курултайдын мурдагы жыйынында шайланган Улуттук Кеңештин төрагасы – Элдик Курултайдын катчылыгынын жетекчиси ачат. Улуттук Кеңештин мурдагы төрагасы – Элдик Курултайдын катчылыгынын жетекчиси жок учурда аталган милдет Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасына жүктөлөт” деп көрсөтүлгөн.
Улуттук Кеңештин мурдагы төрагасы – Элдик Курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Юсупович Абдылдаев буга чейин өз каалоосу менен ээлеген кызматын тапшырып, сиздерге окшоп делегат болуп шайлоого катышууну билдирген. Ошондуктан бул вазийпа мага жүктөлдү.
Бүгүнкү жыйынга жалпы 700 делегат катышууда.
Жүргүзүлгөн анализге ылайык, 700 делегаттын 539у эркектер (2023-жылы – 554), 161и аялдар (2023-жылы – 144). Ал эми 61 делегат Кыргыз Республикасында жашаган башка улуттун өкүлдөрү. Алар: кыргыз, өзбек, казак, дунган, орус, азербайджан, уйгур, турк, украин, таджик, кореец, еврей балкар, карачай, грек, немис, якут, грузин, даргин, армян, чех, поляк, ингуш, белорус, чечен, ооган, курд, бир боорлорубуз арабызда олтурушат.
Жаш курагы боюнча делегаттардын:
– 30 жашка чейинкиси – 14;
– 30 жаштан 60 жашка чейин – 353;
– 60 жаштан 80 жашка чейин – 328;
– 80 жаштан жогору – 5 делегат шайланган.
Арабызда Эргешов Улугбек Чүй облусунун Сокулук районунан делегат болуп шайланган. Өзүнүн айтуусу боюнча 1930-жылы Совет (Кара-Кулжа) районунун Сары-Булак айылында төрөлгөн. Инженер болуп иштеген атабыз кылым таяп жашады.
481 жогорку билимдүүлөр, анын ичинде 11 делегаттын илимий даражалары, наамдары бар; 219 делегат атайын орто жана жалпы орто билимдүүлөр.
Тармактык принциби боюнча:
– педагогика тармагынан (мугалимдер) – 151;
– медицина тармагынан – 15;
– айыл чарба тармагынан – 65;
– маданият тармагынан – 9;
– курулуш – 36;
– юристтер – 65;
– экономика жана финансы тармагынан – 89;
– башка тармактын өкүлдөрү жалпы – 162;
– ал эми кесипке ээ эместер – 100дү түзөт.
Элдик Курултайдын делегаттары болуп дээрлик бардык негизги тармактардан шайланышты десек жаңылышпайбыз.
Бүгүнкү Элдик Курултайдын жалпы жыйынына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Шакиев Нурланбек Тургунбекович баш болгон Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Касымалиев Адылбек Алешович баш болгон Министрлер Кабинетинин толук курамы, Кыргыз Республикасынын Жогорку жана Конституциялык сотторунун төрагалары, Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик органдарынын жетекчилери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мэрлер, акимдер жана айыл өкмөт башчылары катышып отурушат».
Ошентип мамкатчы Элдик Курултайдын жалпы жыйынын ачык деп жарыялады. Андан соң КР Гимни аткарылды.
Кемел Белеков, Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”
Комментарийлер