БЕКТУР АГАЙ — ПЕДАГОГИКАДАГЫ МАНАСЧЫ

  • 22.12.2023
  • 0

Талас районундагы А.Бөрүбаев атындагы орто мектебинде «Манас, Улуттук адабият» күндөрүнө, заманыбыздын залкары Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата жана Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, чыгаан педагог Бектур Исаковдун «Манас» эпосун жайылтуу, муундан-муунга жеткирүүдөгү ат көтөргүс эмгегин даңазалоо, педагогикалык ишмердүүлүгүн, методикасын жайылтуу максатында пландалган райондук, шаардык семинар-жолугушуу өткөрүлдү.

БЕКТУР АГАЙ - ПЕДАГОГИКАДАГЫ МАНАСЧЫ

Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн методикалык кабинетинин башчысы Элизат Байгараеванын берген маалыматына таянсак, семинардын алгачкы бөлүгүндө мектептин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Элмира Ибраимова тарабынан Бектур агайдын усулдарын пайдалануу менен сабак-фрагмент, ошондой эле семинардын максатына ылайык даярдалган көргөзмөлөр көрсөтүлдү. Андан соң мектеп театрынын таланттуу окуучуларынын чыгармачылыгы менен даярдалган сахналаштырылган иш-чараларга келгендер күбө болушту.

БЕКТУР АГАЙ - ПЕДАГОГИКАДАГЫ МАНАСЧЫ

— Окуучулардын таланттарын сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес, ар биринин аткаруу жөндөмдүүлүгү өзгөчө! Залдагы көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, эмоцияларын жашыра албай бирде жүздөрүнөн нур чачырап кубанса, бирде көздөрүнөн мөлт-мөлт этип жаш куюлуп кайгырып жатты. Мындай зор эмгектин артында сөзсүз мугалимдер турат. Мектеп театрын жетектеп, окуучуларды жогорку деңгээлде даярдап, сахнага чыгуудан баштап, чыкканга чейинки ар бир кыймылын, турпатын, кийген кийимин, ийнине жеткире аткаруусун көзөмөлдөп, бөлүнгөн ролдогу сөздөрүн оозунан эле эмес, жүрөгүнүн түпкүрүнөн чыгаруусуна түрткү берген, мекенчил сезимдерин ойготууга себепкер болгон мектептин мугалимдери Айзада Алгожоева жана Салтанат Көчкөнбаева аттуу эжекелер. Аты аталган мугалимдердин эмгектерин эске алып, Бектур агай жеке куржунунан белектерин ыйгарды, — дейт Э.Байгараева.

БЕКТУР АГАЙ - ПЕДАГОГИКАДАГЫ МАНАСЧЫ

Андан соң жыйынтыктоо бөлүгүндө мектеп жетекчиси тарабынан Бектур агайга, келген конокторго, иш-чараны өткөрүүгө салымын кошкон мугалимдерге, окуучуларга, ата-энелерге сыйлыктар жана ошондой эле билим берүү бөлүмү тарабынан «Урааным Манас» аттуу республикалык сынакка салымын кошкон мугалимдерге Кыргыз улуттук “Манас” театрынын ардак грамотасы,  ыраазычылык каттары тапшырылды.

Бектур агай билим берүү бөлүмүнүн методикалык кабинетине ушул иш-чараны тажрыйба жайылтуу максатында башка мектептерге жеринде барып өтүү аркылуу балдардын чыгармачылык дараметин, патриоттук сезимин ойготуу, китеп окууга болгон кызыгуусун арттырууну сунуштады.

— Семинар-жолугушууну эң жогорку деңгээлде даярдап, маани берип, жоопкерчиликтүү мамиле жасап, чыгармачылык изденүү менен өткөргөн мектептин мүдүрү Эржан Асырановго, мектеп жамаатына, өзгөчө жооптуу мугалимдерге, окуучуларга, шарт түзүп берген ата-энелерге, формаларын камсыздаган айыл өкмөтүнө билим берүү бөлүмүнүн атынан терең ыраазычылык билдиребиз! Билим берүү жаатында ташка тамга баскандай из калтырган, опол тоодой эмгек жаратып, ат көтөргүс жүктү аркалап келе жаткан, Кыргызстан педагогдорунун сап башында турган даанышман педагог Бектур агайга бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик сыйлык («Эл баатыры») ыйгарылбай келгени баарыбызды өкүндүрбөй койбойт. Ал үчүн «Күн тийген жердин күкүгүнө» айлануу керек окшойт… Агай элге окшоп 5-6 китебин колуна алып чуркабайт, «пиар» кылганды жек көрөт, төшүн кагып «мен кыйынмын!» дебейт, эң негизгиси адамдык сапаты бийик, жөнөкөй мугалим! Ошол үчүн жасаган эмгектери көз жаздымда калып жатат… Агайды көзү тирүүсүндө кадырлап, кубаныч тартуулап, сый-урмат көрсөтөлүчү… Үмүттүн шоооласы үзүлбөйт, — дейт кабинеттин башчысы.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим” 

Бөлүшүү

Комментарийлер