Beeline CTF сынагынын жеңүүчүсү – АЭУнун студенти

  • 15.10.2024
  • 0

8-9-октябрда Beeline CTF– киберкоопсуздук боюнча көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган маалыматтык коопсуздук сынагы өтүп, анда АЭУнун студенти Кадырмамат Момунов 1-орунду ээледи.

Beeline CTF сынагынын жеңүүчүсү – АЭУнун студенти

Студенттин айтымында, сынакта катышуучулар “желектерди” табуу максатында ар кандай коопсуздук аспектилери менен байланышкан маселелерди чечти.

Мелдештин максаты — чабуулчунун чабуулун иликтөө. Ал системага кантип киргенин аныктап, текшерүү үчүн уюштуруучуларга желектерди жөнөтүү керек. Желектер – бул табылган алсыздыктарды, шифрлерди, ачкычтарды же системанын башка элементтерин символдоштурган текст саптары.

 

  • Мелдеш Jeopardy форматында өтүп, ким көп желектерди тапса, ошол жеңүүчү болду. Табылган ар бир желек үчүн упайлар топтолду. Мелдештин аягында мен болушунча көп желектерди тапканым үчүн 800 упай топтоп, биринчи орунду алдым.
  • Jeopardy форматта катышуучуларга ар кандай татаалдыктагы маселелердин тизмеси сунушталды. Алардын ар бири чечүүнү талап кылган өзүнчө көйгөй. Ар бир чечилген маселе үчүн мүчөлөр желек жана тиешелүү упайларды алышат. Мелдештин аягында эң көп упай топтогон команда же катышуучу жеңишке жетет.
  • Attack-Defense форматы эки негизги бөлүктү камтыйт: өз сервистерин коргоо жана башка командалардыкына чабуул жасоо. Максаты – өзүбүздүн инфраструктураны коргоо гана эмес, атаандаштардын желектерин басып алуу үчүн инфраструктурага кол салуу, — деди жеңүүчү.

Beeline CTF сынагынын жеңүүчүсү – АЭУнун студенти

Белгилей кетсек, Кадырмамат Момунов учурда Германиядагы Хоф прикладдык илимдер университетинде кош диплом программасынын алкагында билим алууда.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер