ББЗМТИде ЖЫЛДЫН МЫКТЫ БИОЛОГУ АНЫКТАЛДЫ
- 19.12.2022
- 0
ББЗМТИде «2022-жылдын мыкты биологу» аттуу биология багыты боюнча 1-2-3-курстун студенттери арасында сынак өттү.
Иш-чарада 1-курстун «Адреналин», 2-курстун «ДНК», 3-курстун «Лаборанттар» жана «Хризантема» аттуу төрт командасы ат салышты.
Биринчи турда үч минуттун ичинде ар бир команда өзүнүн саламдашуусун, эмблемасы жана девизин жакташты. Экинчи тур эксперимент менен коштолуп, 1-курстун студенттери жасалма кан, күйбөс жоолук сыяктуу тажрыйбаларын, «ДНК» тайпасы залда көрүүчүлөрдүн биринин канынын тобун жана резус факторун аныктап, андан сырткары сфетофор жана кычкылтекти алуу тажрыйбаларын көрсөтүштү. БКЛ-20-01 тайпасы кандагы глюкозаны аныктоону, ал эми БКЛ-20-02 тайпасынын «Хризантема» командасы микроскоптон нормалдуу тамактанган жана Кока-Кола ичкен адамдын канынын түзүлүшүндө кандай айырмачылыктар бар экенин түшүндүрүштү. Музыкалык номерде «Лаборанттар» өздөрү чыгарган «Младший лаборант» аттуу ырын, «Хризантема» тайпасы «Тик-так», «ДНК» — «Улыбайся», «Адреналин» — «Жашоо керемети» деген чыгармаларын мыкты аткарышты.
4-тур — экологиялык дефиледе ар тараптуу таланттарын тартуулашса, 5-турда блиц сурамжылоо болуп, ага окутуучу Г. Айдаралиева даярдап келген биологияга байланыштуу суроолору менен студенттерди кызыктарга салды. Бий номеринде «Лаборанттар» — кыргыз бийин, «Хризантема» — испан бийин, «ДНК» попурри жана «Адреналин» — индия бийин тартуулады.
Жыйынтыгында 1-даражадагы дипломго 1-курстун студенттери, 2-даражадагы дипломго «Лаборанттар», 3-даражадагы дипломго «ДНК» жана «Хризантема» командасы татыктуу болду.
Комментарийлер